Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 3-июлу № 397-т
2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун алкагында, жалпы билим берүү уюмдарын куруу жолу менен Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Каракол шаарларынын мэрияларына, ошондой эле Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- Евразия өнүктүрүү банкына курулуш мезгилинде аянты 3,0 га жер участогун (жалпы билим берүү уюмунун курулушуна), ошондой эле кошумча аянты 1,0 га жер участогун (курулуш шаарчасын жайгаштыруу үчүн) кийин узартуу укугу менен 6 жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү жана өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде тиешелүү чечимдерди чыгарууну камсыз кылуу.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |