Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 8-июлу № 405-т
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасы (мындан ары - "Тараптар") тиешелүү улуттук мыйзамдарына жана эки тарап кошулган эл аралык келишимдерге ылайык теңдиктин жана өз ара пайданын, бири-биринин эгемендигин өз ара урматтоо принциптеринин негизинде Тараптардын ортосундагы достук мамилелерди андан ары өркүндөтүү жана укуктук чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 1996-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Жарандык жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндө келишимди (мындан ары - "Келишим") натыйжалуу ишке ашыруу максатында, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар Макулдашууга ылайык өз компетенциясынын чегинде кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдешет жана тереңдетишет жана бири-бирине активдүү көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар өз компетенциясынын чегинде жана эки мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык макулдашуучу Тараптардын бири экинчи макулдашуучу Тараптын аймагындагы жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун жана мыйзамдуу укуктарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү өтүнүчү менен тиешелүү сот жана укук коргоо органдарына кайрыла алышат.
3-берене.
Прокурордук ишке, Тараптардын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маселелерди жана прокурордук ишке байланыштуу келип чыккан жана Тараптар үчүн өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди талкуулоо максатында, Тараптар делегациялар үчүн өз ара визиттерди уюштура алышат.
4-берене.
Тараптар өздөрүнүн прокурорлорун семинарларга жана окуу программаларына катышуу үчүн бири-бирине жөнөтө алышат. Мындай иш-чаралардын катышуучуларынын конкреттүү саны, өткөрүү датасы, убактысы жана каржылоо маселелери ар бир өзүнчө учурда Тараптар ортосунда макулдашылат.
5-берене.
Суроо-талап боюнча Тараптар прокуратура органдарынын түзүмү жана уюштурулушу, функциялары жана ролу жөнүндө тийиштүү маалыматтарды, ошондой эле укуктук документтерди, анын ичинде юридикалык адабияттар менен басылмаларды өз ара алмаша алышат.
6-берене.
Ушул Макулдашууну аткарууда Тараптар берилген жана алынган материалдардын жана каттардын купуялуулугуна кепилдик беришет. Берүүчү Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз башка тарап тиешелүү документтерди, маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбайт же үчүнчү Тарапка бербейт.
7-берене.
Консенсуска жетишкенде эки тарап тең өз компетенциясынын чегинде, эки Тарап үчүн өз ара кызыкчылык туудурган ушул Келишимде макулдашылбаган башка тармактарда кызматташууну тереңдете жана кеңейте алышат.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда эки Тараптын ортосунда талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар аларды кеңешүүлөр жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
9-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдорго кол коюу жолу менен өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптардын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- кыргыз тараптан: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык-укуктук кызматташуу башкармалыгы;
- кытай тараптан: Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасынын эл аралык кызматташуу башкармалыгы.
11-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири ушул Келишимдин колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүндө билдирүү алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күн өткөндөн кийин колдонулушун токтотот.
Эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, бул Макулдашуунун колдонулушунун токтотулушу ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде башталган биргелешкен иш-чаралардын жана долбоорлордун аякташына таасирин тийгизбейт.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы 2001-жылдын 12-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулат.
202___-жылдын "___" ___________ __________________ шаарында кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эки нускада кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик прокуратурасы үчүн |
_________________________________________ |
| _________________________________________ |