Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 01-4/32

Крупская атындагы айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Крупская атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышындагы Крупская атындагы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №2 протоколун угуп жана талкуулап, Крупская атындагы айылдык кеңешинин 7-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Крупская атындагы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сагынбеков Алтынбек Маршалович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу төрагалык кызматынан баш тартуу жөнүндөгү өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулсун.

2. Крупская атындагы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышындагы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 1-пунктуна ылайык жашыруун жабык добуш берүү менен көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон №7216 округунун депутаты Бектемиров Таалайбек Эрмекович Крупская атындагы жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

 

Төраганын орун басары

М.Акчалов