Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-ноябры № 01-4/33
Жер участогун трансформациялоо жөнүндө
Крупская атындагы айыл аймагынын Сокулук айылында жайгашкан №584 контурундагы 4,5га “Айыл чарба” категориясындагы жер участогун трансформациялоо жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган оң корутундулардын негизинде Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Джумалиевдин жана аксакалдар кеңешинин төрагасы Г.С.Калюжнаянын маалыматтарын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупская атындагы айыл аймагынын Сокулук айылында жайгашкан №584 контурундагы жалпы аянты 4,5га “Айыл чарба” категориясындагы жер тилкесин “Православдык мүрзө” үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеев ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Р.Иштыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Э.Бектемиров |