Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июну № 2278-VII
"Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2-октябрындагы № 2409-VII , 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2582-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ишеним" парламенттик фракциясынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 40/24 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө маселени иликтөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
А.Н.Абдибаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
С.М. Зулпуев- "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
А.Исатбек кызы - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ы.Ы.Атажанов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
Э.Ж.Сурабалдиева - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2-октябрындагы № 2409-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары көмөк көрсөтсүн.
3. Маалыматтарды жыйноо, талдоо, иликтөө жана жалпылоо, материалдарды даярдоо үчүн Комиссия өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерин, зарыл болгон учурда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия 2025-жылдын 27-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2582-VII токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |