КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-ноябры № 01-4/34
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Крупская атындагы айыл аймагынын Длинное-Крупский №19 дарегиндеги аянты 2,0 га “Көмөкчү чарба куруу алдындагы жер тилкесинин максаттык багытын балык чарба алдындагы жер тилкесине өзгөртүү” жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган оң корутундулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Джумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупская атындагы айыл аймагынын Длинное-Крупский №19 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2,0га көмөкчү чарба куруу үчүн алдындагы жер тилкесинин максаттык багытын балык чарба алдындагы жер тилкесине өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеев ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Р.Иштыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Э.Бектемиров |