Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-июну № 2283-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу;
“2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы:Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”,
“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки Улуттук энергетикалык программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү майрамына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №1956-VII “Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |