Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-июну № 2284-VII
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж.Тургунбаевдин отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж.Тургунбаевдин отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында макулдашылган акча-кредит жана салык-бюджет саясатын жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну улантсын;
3) мобилдик телефон аркылуу QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшсүн;
4) накталай чет өлкө валюталарын алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкердик иш-аракеттерге бөгөт коюу үчүн биргелешкен чараларды көрүшсүн;
5) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банктык операцияларды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) инфляциянын деңгээлин 5-7 пайыз инфляция боюнча орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтүн чегинде кармап турууга багытталган акча-кредит саясатын жүргүзсүн;
2) банк тутумунда ашыкча ликвиддүүлүктү жигердүү жөнгө салууну улантсын;
3) коммерциялык банктарга банк ишинин ислам принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүүнү жана улуттук валютада каржылоону сунуштасын;
4) банк чөйрөсүндө жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү жөнгө салуунун тиешелүү стандарттарын жана ченемдерин киргизүү же кайра карап чыгуу жолу менен инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө көмөктөшсүн;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жана эл аралык стандарттардагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен финансы-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти улантсын;
6) онлайн-сервистердин кызмат көрсөтүүлөрүн, эсептешүүлөрдүн накталай эмес формаларын, аралыктан банктык тейлөөнү (интернет-банкинг жана мобилдик тиркемелер), ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөөнү жайылтуу боюнча иштерди улантсын;
7) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Улуттук банктын акча-кредит саясаты жагында кабыл алынган чечимдер жөнүндө туура түшүнүктү калыптандыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө коомчулукка туура түшүнүк калыптандыруу ишин жүргүзсүн;
8) санариптик төлөм технологияларын жигердүү өнүктүрсүн, санариптик сомду иштеп чыгууну жана андан ары сыноодон өткөрүү үчүн технологиялык платформаны тандоону тездетсин;
9) которуулар боюнча банктык комиссияларды азайтуу максатында, банктар аралык которууларга комиссиялык жыйымдарды алууну мыйзамдуу жөнгө салуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыксын жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
10) коммерциялык банктарга биригип, бирдиктүү ымалалаш банкоматтар тармагын түзүүнү сунуштасын;
11) коммерциялык банктарга онлайн насыяны жактыруу же баш тартуу жөнүндө ыкчам чечим кабыл алуу үчүн банк процесстерин автоматташтырууну сунуштасын;
12) санариптик сомдун прототибин тесттик режимде сыноодон өткөрүү боюнча ишти баштасын;
13) санариптик төлөм технологияларын жигердүү өнүктүрсүн жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтсүн;
14) көрүүсү начар жарандардын интернет-сайттарды, коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерин пайдалануусуна шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
15) ишкерлердин Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча бөлүнгөн жана коммерциялык банктар аркылуу берилүүчү каражаттардан пайызсыз насыяларды алуусуна тоскоолдук болгон учурда, банктардын жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карасын;
16) насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү максатында, коммерциялык банктарга депозиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштасын;
17) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чараларын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |