Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXX (отузунчу) сессиясы
2024-жылдын 14-майы № 189/XXX-28
Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан “Муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары “Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан “Муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан “Муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жөнүндө” долбооруна макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен“Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан “Муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жөнүндө” долбооруна өздүк салым катары 43,7 мин сом акча каражаты каралсын.
3. “Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан “Муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жөнүндө” долбооруна тийиштүү иш кагаздары фондттун талабына ылайык мөөнөтүнөн кечикпестен тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |