Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-июлу № 350
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эл аралык автомобиль катнашына катышуучу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө уруксат берүү тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 8-пунктта:
15-пунктчада "16-пунктчасынан" деген сөздөр "151 жана 16-пунктчаларынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 151-пунктча менен толукталсын:
"151) чет мамлекеттин аймагы боюнча жүрүүнү, анын ичинде ата мекендик автоташуучулардын транзиттик өтүүсүн жүзөгө ашырууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат берүү үчүн:
- Кытай Эл Республикасына болгон багыт боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн (үч тараптуу ташуулардан тышкары) - эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;
- башка өлкөлөргө болгон багыт боюнча (Кытай Эл Республикасынан тышкары) жеке жана юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 50 эселенген өлчөмү;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |