Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXX (отузунчу) сессиясы
2024-жылдын 14-майы № 192/XXX-28
Мамбеталиева Алмага Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ичке-Суу, Норус айылынын тургундарынын “Мамбеталиева Алмага “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары таанышып, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусунун негизинде Мамбеталиева Алмага көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу мененЫсык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамбеталиева Алмага Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бирдобуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |