Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXX (отузунчу) сессиясы
2024-жылдын 14-майы № 193/XXX-28
Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургундарынын “Бейшеналиева” көчөсүнүн аталышын “Алдаяр – Ата” ысымына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун кароо жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургундарынын “Бейшеналиева” көчөсүнүн аталышын “Алдаяр – Ата” ысымына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургундарынын “Бейшеналиева” көчөсүнүн аталышын “Алдаяр – Ата” ысымына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Майлибашовго жүктөлсүн.
3. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |