Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылышынын
кезексиз L сессиясынын
2024-жыл 09-июлу №50/1
Көк-Жаңгак шаарындагы «Көлмө» кварталындагы 100 га жер аянтын убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысын бекитип берүү жөнундө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/973 12.06.2024 жылдын катынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023 жылдын 29 декабрндагы № 735 «Пилоттук режимде айыл аймактарынын денгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомунун жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 18.06.2024 жылдын № 16 протоколунун негизинде, «Көлмө» кварталындагы 100 га жайыт жер аянтын убактылуу пайдаланууга, ар бир гектарын 1000 сомдон ижара акысын карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз L сессиясы
Токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы «Көлмө» кварталындагы 100 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга 1 сот. 7 сомдон (1 га 700 сом) ижара акысы бекитилип берилсин.
2. Жарандар менен келишим түзүлүп, келишимдин негизинде ижара акысы жергиликтүү бюджетке түшүрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын шаардык мэриясынын жер боюнча тиешелүү адисине жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |