Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-июлу № 346
Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн контролдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) (реэкспортту, Кыргыз Республикасы аркылуу транзитти жана Евразия экономикалык бирлигинин бир субъектинен башкасына анын аймагы боюнча орун которуштурууну кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн мыйзамсыз ташып келүүгө (импорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизүү тартибин бекитсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-июлундагы № 50 (3603) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө (импорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилүүгө тийиш болбогон мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүнүн сортторунун ТИЗМЕСИ
№ | ЕАЭБ ТЭИ ТН | Өсүмдүктөрдүн жана сорттордун аталышы |
1 |
| Алма көчөттөрү |
|
| Жайкы сорттор: |
| 0602 20 800 0 | - Вильямс Прайд. |
|
| Күздүк сорттор: |
| 0602 20 800 0 | - Гала; |
| 0602 20 800 0 | - Гала Валл; |
| 0602 20 800 0 | - Джинжер голд. |
|
| Кышкы сорттор: |
| 0602 20 800 0 | - Голден Делишес; |
| 0602 20 800 0 | - Голден Рейнджерс; |
| 0602 20 800 0 | - Скарлет спур; |
| 0602 20 800 0 | - Джеромини; |
| 0602 20 800 0 | - Ред чиф; |
| 0602 20 800 0 | - Фуджи; |
| 0602 20 800 0 | - Гренни смит; |
| 0602 20 800 0 | - Пинк Леди (Розу Глоу) |
2 |
| Алмурут көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Деведжи; |
| 0602 20 800 0 | - Этрушка; |
| 0602 20 800 0 | - Виллямс; |
| 0602 20 800 0 | - Июнь чүрөгү; |
| 0602 20 800 0 | - Маузер; |
| 0602 20 800 0 | - Кармен; |
| 0602 20 800 0 | - Аббат Фетель |
3 |
| Кара өрүк көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Стенли; |
| 0602 20 800 0 | - Блек Даймонд; |
| 0602 20 800 0 | - Анжелино; |
| 0602 20 800 0 | - Аутум Гигант; |
| 0602 20 800 0 | - Блак Сплендор |
4 |
| Өрүк көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Кантек; |
| 0602 20 800 0 | - Исфарак; |
| 0602 20 800 0 | - Субхоны; |
| 0602 20 800 0 | - Приция (өтө эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Микадо (өтө эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Хасанбей; |
| 0602 20 800 0 | - Милорд (кеч бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Мемпис (кеч бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Рубиста; |
| 0602 20 800 0 | - Роксана; |
| 0602 20 800 0 | - Король Шалахы |
5 |
| Гилас көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Кордия; |
| 0602 20 800 0 | - Регина; |
| 0602 20 800 0 | - Валовая 3; |
| 0602 20 800 0 | - Скина; |
| 0602 20 800 0 | - Зираат 0900; |
| 0602 20 800 0 | - Эрли Лори (эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Свит Лоренз (орточо эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Свит Харт; |
| 0602 20 800 0 | - Ред Пасифик; |
| 0602 20 800 0 | - Саммит |
6 |
| Алча көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Жуковская; |
| 0602 20 800 0 | - Kelleris 14; |
| 0602 20 800 0 | - Лютовка; |
| 0602 20 800 0 | - Кутахйа; |
| 0602 20 800 0 | - Облачинская |
7 |
| Шабдаалы көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Кызыл Москва; |
| 0602 20 800 0 | - Филомена (өтө эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Астория (эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Копакобана (ультра эрте бышуучу); |
| 0602 20 800 0 | - Экстрим; |
| 0602 20 800 0 | - Свит леди; |
| 0602 20 800 0 | - Роял глори; |
| 0602 20 800 0 | - Глохевен; |
| 0602 20 800 0 | - Лола |
8 |
| Курма калемчелери |
| 0602904500 | - Шоколад; |
| 0602904500 | - Трабзон; |
| 0602904500 | - Бал |
9 |
| Жүзүм көчөттөрү |
|
| Аш сорттору:: |
| 0602 20 100 0 | - Киш-миш Сето гиганттары; |
| 0602 20 100 0 | - Юпитер; |
| 0602 20 100 0 | - Ред Глоб; |
| 0602 20 100 0 | - Шайн Мускат; |
| 0602 20 100 0 | - Ламборджини; |
| 0602 20 100 0 | - Маникюр фингер; |
| 0602 20 100 0 | - Ruby Roman; |
| 0602 20 100 0 | - Одесса сувенири. |
|
| Техникалык сорттор: |
| 0602 20 100 0 | - Пино Нуар; |
| 0602 20 100 0 | - Каберне; |
| 0602 20 100 0 | - Шардоне; |
| 0602 20 100 0 | - Совиньон-блан; |
| 0602 20 100 0 | - Алиготе; |
| 0602 20 100 0 | - Мускат Семильон; |
| 0602 20 100 0 | - Каберне-совиньон; |
| 0602 20 100 0 | - Мерло; |
| 0602 20 100 0 | - Ркацители; |
| 0602 20 100 0 | - Баян ширей; |
| 0602 20 100 0 | - Кульджинский; |
| 0602 20 100 0 | - Саперави; |
| 0602 20 100 0 | - Венгер Мускат |
10 |
| Инжир калемчелери |
| 0602904500 | - Далматин; |
| 0602904500 | - Кара Крым; |
| 0602904500 | - Брунсвик; |
| 0602904500 | - Эрте боз |
11 |
| Анар калемчелери |
| 0602904500 | - Ачик-дона; |
| 0602904500 | - Төө тиш; |
| 0602904500 | - Жакшыртылган кызыл; |
| 0602904500 | - Бала-мюрсаль; |
| 0602904500 | - Казаке анар; |
| 0602904500 | - Кува |
12 |
| Кулпунай көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Монтерей; |
| 0602 20 800 0 | - Сан андреас; |
| 0602 20 800 0 | - Азия; |
| 0602 20 800 0 | - Альбион; |
| 0602 20 800 0 | - Клери; |
| 0602 20 800 0 | - Мурано; |
| 0602 20 800 0 | - Мальга; |
| 0602 20 800 0 | - Кабриолло; |
| 0602 20 800 0 | - Федерика |
13 |
| Малина көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Мапема; |
| 0602 20 800 0 | - Эндросадира; |
| 0602 20 800 0 | - Натчез; |
| 0602 20 800 0 | - Маравилла; |
| 0602 20 800 0 | - Маргарита; |
| 0602 20 800 0 | - Пшехиба |
14 |
| Кара карагат көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Тибен; |
| 0602 20 800 0 | - Тизель; |
| 0602 20 800 0 | - Церера; |
| 0602 20 800 0 | - Вавилов атындагы; |
| 0602 20 800 0 | - Ядреная; |
| 0602 20 800 0 | - Добрыня; |
| 0602 20 800 0 | - Алтын түстүү |
15 |
| Кызыл карагат көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Алтай рубин; |
| 0602 20 800 0 | - Ненаглядная; |
| 0602 20 800 0 | - Рондом |
16 |
| Чычырканак көчөттөрү |
| 0602904800 | - Клара; |
| 0602904800 | - Мара; |
| 0602904800 | - Андрос; |
| 0602904800 | - Алтай; |
| 0602904800 | - Гном; |
| 0602904800 | - Джемовая; |
| 0602904800 | - Елизавета; |
| 0602904800 | - Клавдия; |
| 0602904800 | - Сударушка |
17 |
| Бадам көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Десерттик; |
| 0602 20 800 0 | - Ялта; |
| 0602 20 800 0 | - Markoni; |
| 0602 20 800 0 | - Texas |
18 |
| Токой жаңгагынын көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Түндүк (суукка чыдамдуу); |
| 0602 20 800 0 | - Halls Giant; |
| 0602 20 800 0 | - Istarski Dugi (кургакчылыкка чыдамдуу) |
19 |
| Грек жаңгагынын көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Сладкоядерный; |
| 0602 20 800 0 | - Chempion; |
| 0602 20 800 0 | - (Juglans regia) С6; |
| 0602 20 800 0 | - Идеал; |
| 0602 20 800 0 | - Фернор; |
| 0602 20 800 0 | - Чандлер |
20 |
| Мисте көчөттөрү |
| 0602 20 800 0 | - Антеп; |
| 0602 20 800 0 | - Сиирт; |
| 0602 20 800 0 | - Акбари; |
| 0602 20 800 0 | - Ахмад Агаи |
Эскертүү: (*) - бул бөлүмдүн максаттары үчүн ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун да, товардын аталышын да жетекчиликке алуу зарыл.