САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Саз айылдык кеңештин XXYIII – чакырылышынын 8 – сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 08
“Саз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчилике алып, Саз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулап Саз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Саз айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн
Төрага | Т.Сагыналиев |