Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз L сессиясынын
2024-жыл 09-июлу №50/2
Көк-Жаңгак шаарынын 2022-2025 жылдарга карата
стратегиялык өнүгүү планынын негизинде шаар аймагындагы
көчөлөрүнө иш кагаздарын жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын 2022-2025 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын негизинде шаар аймагындагы Интернациональная жана Сүйөркулова көчөлөрүн капиталдык ремонттого жана асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздары боюнча карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз L-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жангак шаарынын Интернациональная көчөсүнө узундугу 2 км. аралыкка капиталдык ремонт жана асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо үчүн макулдук берилсин.
2. Көк-Жангак шаарынын Сүйөркулов көчөсүнүн № 42 үйүнөн баштап горгаздын бет маңдайындагы көпүрөсүнө чейинки узундугу 1 км. болгон аралыкка капиталдык ремонттого жана асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо үчүн макулдук берилсин.
3. Иш кагаздарын даярдоо боюнча шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |