Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз L сессиясынын
2024-жыл 09-июлу №50/3
Көк-Жаңгак шаарындагы «Көлмө» кварталындагы
Джумабаева жана Бакаева көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине
даярдалган долбоорго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 01.07.2024 жылдагы №1-12/1062 жана «Көлмө» кварталынын 11.06.2024 жылдагы протоколунун негизинде Джумабаева жана Бакаева көчөлөрү таар болуп даярдалган долбоорго туура келбекендиктен сметада көрсөтүлгөн лоток, жол белгилерин орнотууга жана жолго термопласт сызуу иштерине жалпысынан 661839 сомдук курулуш көлөмдөрүнүн ордуна «Көлмө» кварталындагы мечиттин алдына кошумча асфальт төшөө иштерин жүргүзүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз L сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын «Көлмө» кварталынын Джумабаева жана Бакаева көчөлөрунө асфальт төшөө иштерине даярдалган долбоорго өзгөртүү киргизип, 661839 сомдук курулуш көлөмдөрүнүн ордуна мечиттин алдына кошумча асфальт төшөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын «Көлмө» кварталынын Джумабаева жана Бакаева көчөлөрунө асфальт төшөө иштерине долбоорго өзгөртүү киргизүү жагы мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |