Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз L сессиясынын
2024-жыл 09-июлу №50/4
«Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, мамлекеттик кызмат жана социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 03.07.2024 жылдагы протоколунун негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сунуштарды карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз L-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы, элдин сый урматына татыган жана коомчулуктун арасында кадыр-баркка ээ болуп, үзүрлүү эмгеги үчүн «Көк- Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
-Байдавлетов Заирбек Максатбековичке- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы;
-Усенов Кадыржан Атабековичке- шаардык кеңештин депутаты;
-Исмаилов Болотбек Маметмусаевичке- шаардык кеңештин депутаты;
-Карабаева Уруятхан Калиловнага- шаардык кеңештин жоопту катчысы;
-Кыдыралиева Зуура Адиковнага- шаардык кеңештин депутаты;
-Матаева Кыздаркан Кудайбердиевнага- шаардык кеңештин депутаты;
-Исаев Жаныбек Абдрахмановичке- шаардык кеңештин депутаты;
-Мамашов Алмазбек Абдыкалиловичке- шаардык кеңештин депутаты;
-Замирбек уулу Сыргак- Көк-Жаңгак шаарынын мэри;
-Осмонов Акылбек Базарбаевичке- жеке ишкер.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин жоопту катчысы У.Карабаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |