Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Саз айылдык кеңешинин ХХVIII – чакырылышынын - сессиясы

2023-жылдын 3-октябры № 18

Саз айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Б.Байсабаеванын жоопкерчилигин кароо жонундө

«Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып, 10-беренесине ылайык Саз айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Байсабаева Э.Ш., жөнүндө талкуулап, карап чыгып, Саз айылдык кеңеш.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Саз айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Ш.Байсабаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.

2.  Саз айыл өкмөтүнүн башчысы Атлыкеев Х.А., 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык 2023-жылдын 10-октябрына чейин Саз айыл өкмөтүнүн жоопту катчысын Э.Ш.Байсабаеваны жумуштан бошотуу жөнүндө тескеме чыгарылсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырдым.

 

Төрага

Т.Сагыналиев