Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №28
2024 - жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2024- жылга карата иш-чаралар планы айрым бир өзгөрүүлөрдү киргизүү менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-бөлүмдүн 113-беренесинин 3/2 пунктунда “Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү” деп белгиленген. Каргалык айылдык кеңешинин 2024 - жылдын он айына карата түзүлгөн иш планына ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы 3.Э.Акунова тарабынан “Каргалык айыл аймагынын 2024 - жылдын социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программанын” иштелип чыкпагандыгы жана тиешелүү туруктуу комиссия менен биргеликте иш алып барбагандыгы белгиленсин.
3. 2024-2025-2026-жылдарга Каргалык айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаны толук кандуу бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, келээрки сессияга сунуш кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |