Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №29
“Айылдык кеңештин депутаттарынын өз округдарындагы шайлоочуларына берген отчеттук жолугушууларынын жана жыйынтыгы боюнча маалыматын угуу”
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамырованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын №1 Чет-Булак, №2-Казарман, №3 Аэропорт, №4 Жаңыбаева, №1 Кара-Суу жана №2 Табылгыты шайлоо округдарынан шайланган депутаттардын өз округдарындагы шайлоочулардын алдында берген отчеттору канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарына өз округдарындагы шайлоочулар тарабынан коюлган суроо-талаптардын аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият
жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы
К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |