Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №31
Каргалык айылдык кеңешинин 17.04.2024 жылдын № 5 буйругунун негизинде “Таза кызмат” муниципалдык ишкананын 2024 - жылга карата жылдык сметасын, тарифин, иш планын жана техникаларынын бүгүнкү күндөгү абалын кароо тууралуу
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» жана “Өнөр жай, курулуш,транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 10-главасынын 10.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата жылдык сметасы жалпы кирешеси - 5630,4 миң сом, Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган субсидия - 2300,0 миң сом, жалпы - 7930,4 миң сом акча каражаты бекитилсин.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата иш планы бекитилсин.
- “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын “Тагай” мусор төгүүчү полигонуна жеке менчик авто унаалары кирсе;
- Камаз, Хово автомашиналарына - 550 сом.
- ГАЗ-53, ЗИЛ автомашиналарына - 350 сом
- Портер спринтер автомашинасына - 250 сом
- Жеңил автомашинанын чиркегичи менен кирсе - 150 сом.
3. Каргалык жайыт, Кара-Суу жайыт комитеттерине тиешелүү болгон автотехникалардын учурдагы абалы өтө начар экендиги белгиленсин жана курамы тиешелүү адистерден, депутаттардан комиссия түзүлүп, техникалардын алгачкы профилдерин өзгөртпөстөн оң абалга келтирүү менен “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына 01.07.2024 - жылга чейин өткөрүлүп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин .
4. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.К.Исмаиловго иштеп жаткан автотранспорттордун техникалык абалын жакшыртуу боюнча колго алуусу милдеттендирилсин.
5. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу жана таза-суу менен камсыз кылуу максатында кардарлардын ортосунда түзүлгөн келишимдерди 01.08.2024-жылга чейин толук бүтүрүү жагы ишкананын жетекчиси Ж.Исмаиловго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |
Бекитемин
Каргалык айылдык кеңешинин
Төрагасы
____________Т. И .Токтоболотов
Каргалык айылдык Кеңешинин
(XXVIII чакырылышынын)
кезектеги VI сессиясынын
№31 токтомуна тиркемеге
5-июнь 2024-жыл
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата иш планы.
№ | Иш план | Тапшырмалар | Жооптуу кызмат адамдары | Аткаруу мөөнөту |
1 | Казарман айылынын борбордук көчөсу: Т. Жээналиевдин жол боюндагы тосмолорун кароо. | Көчөнун боюн жашылдандыруу жана тосмолорун оңдоп түзөп ремонтто, краскалоо актоо жумаштарын жазоо. | (жергиликтүү бюджеттен) Жумушчу бригадасы | Апрель, Май, Июнь. |
2 | Ж. Кыдыров атындагы райондук паркы | Жашылдандыруу көрктөндуруу курап калган бак-дарактарын бутоо, акилөө, суу келуучу арыктарына лоток орнотуу жана арыктарды тазалоо жана салуу | (жергиликтүү бюджеттен) Багбан (садовник) | Апрель, Май. |
3 | «Таза Кызмат» Тазалык ишканасы коюлган графиктин негизинде көчө таштандыларын тазалоо | Ж.Алымбабаев, И. Кадыркулов, Ж. Акимбаев, Т. Кожалиев ж.б көчөлөр. | Абоненттик келишимдин негизинде Контролерлор | Июнь Июль. |
4 | Атайын техникалык машиналары (эксквотор, суу ташуучу, таштанды ташуучу машиналары) менен кызмат көрсөтүү | Келишимдин негизинде | Атайын эсептик счетко Айдоочулар, Машинисттер. | Жыл ичи. |
5 | Таштанды палигонды төгулүп жаткан таштандыларды ирекетке келтирип көзомөл жургүүзү | Жумуш графигинин негизинде | Кузөтчулөр | Дайыма. |
6 | Айыл аймагындагы соц обьектилери жанаТабылгыты, Кара-Суу, Чет-Булак, Тогуз-Торо айыл Өкмөтунун тургундары а менен абоненттик келишимдерди түзуү | Келишимдик шартта Макулдашылган талаптарды аткаруу | Абоненттик келишимдин негизинде Контролерлор | Дайыма. |
7 | Таза суу обьектисин жакшыртуу аракеттерин көрүү. | Чет-Булак айылынын ички сууларын керектелуучу жабдыктары менен оңдоп түзөө | Сан техниктер | Дайыма. |
8 | Райондун айыл аймагындагы Айыл Өкмоту тарабынан берилген тапшырмаларын аткаруууда архитектуралык талаптарга ылайык иш алпаруу. | Көчө боюндагы арыктарды, жол жээгиндеги көчө тосмолорун, бак дарактарды бутоо иштерди жургузуу. | Тазалык кызматкерлери. | Жыл ичи. |
9 | “Демилге” Таза суу учаскасын иш алпаруу | Бекитилген тарифтин негизинде жана жумуштарды жакшыртуу | Контролерлор Сантехниктер | Дайыма |
10 | Суу топтоо көзөмөлдөө обьектиси байланыштуу кудукчаларын үстүндөгү капкакчаларын оңдоп тузөө иштери жүргузүү | Кудукча капкакчаларынын айланасын тазалап сваркалык жумуштар аткарылат. | Сан техниктер (Сторож водазабор) | Дайыма |
11 | «Таза Кызмат» Тазалык ишканасынын техникаларын кезек кезек менен рементто иштери жүргүзулөт. | Техникалык абалына комиссия курамы менен иш алпаруу жана техникалык сыноолорду жургузуу | Инженер мастер | Дайыма |
“Таза-Кызмат” Тазалык Ишканасынын директору: |
Ж.Исмаилов |