Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №32
Каргалык айыл өкмөтүндөгү муниципалдык объектилерди документтештирип ижарага берүү жана негизги каражатта белгиленген трансформаторлор кароосуз болгондугуна байланыштуу РЭС мекемесине өткөрүп берүү жагын кароо
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» жана “Өнөр жай, курулуш,транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссияларынын кошмо жыйындын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 10 -главасынын 10.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн балансасында турган социалдык объектилердин (кичи футбол аянтчасы, парк, хоккей аянтчасы, мончо, балдар ойноочу аянтчалар, мал дарылоочу кашарлар, суу топтоочу дамбалар, кампа ж.б) документтерин мыйзамдаштырып, мамлекеттик акт алып, тиешелүү экспертизадан өткөрүлсүн жана мыйзам чегинде айрымдарын ижарага берүү жагы каралсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн негизги каражатында турган трансформаторлорду тейлөө мүнкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу РЭС мекемесине өткөрүп берүү жагы каралсын.
3. Чет-Булак айылындагы спорт залды О.Чопиев атындагы спорт мектебине өткөрүп берүү жагы каралсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш,транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |