Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №33
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 01-6/23 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (беренеден беренеге жылдыруу)
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин башкаруу тармагынан 3111- курулмаларды куруу беренесинен өздүк салымга каралган - 2091,0 миң сомду 3111- курулмаларды куруу беренесине Табылгыты айылындагы Сары-Булуң участкасындагы Ак - Өргө конушуна 3км жерден таза суу чыгаруу үчүн - 800,0 миң сом, Тайлак көчөсүнүн күн батыш тарабы 400 метр, А.Түмөнбаев көчөсүнүн уландысы (А.Кашкариев көчөсүнүн М.Исаков көчөсүнө чейин) 350 метр, Ж.Алымбабаев көчөсү менен Ы.Кадыркулов көчөсүнүн ортосу жана Ж.Алымбабаев көчөсү 390 метр жана Д.Мамбетжанов көчөсү (борбордук мечиттин алдынан РЭТ мекемесине чейин) 92 метр жалпы 1232 метр жолду кара шагыл менен бодурлоого карата -1291,0 миң сом, 3111- курулмаларды куруу беренесинен Чет - Булак айылындагы муз аянтчасын курууга каралган - 500,0 миң сомду Казарман айылындагы Демилге, Бектен көчөлөрүнүн 810 метр ички авто унаа жолдоруна шагыл төшөө үчүн 3111- курулмаларды куруу беренесине, башкаруу тармагынан 2215-ар кандай чыгымдар беренесинен - санитардык чыгымдардан үнөмдөлгөн - 24,8 миң сом, проектилерди жасатууга каралган -285,2 миң сом, бардыгы болуп - 310,0 миң сом, Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Тогуз - Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу Т.Кожалиев атындагы көчөгө жайгашкан муз аянтчасынын курулушу курулуш эрежелерин жана стандарттарды сактабагандыгы үчүн - 200,0 миң сом, райондук экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Чарабай участкасындагы мүрзөгө баруучу жолдун сол жагынан карьер казылып, топурак - таш ирээтсиз алынгандыгы үчүн - 110,0 миң сом укук бузуу чараларына төлөөгө, бардыгы болуп - 310,0 миң сом башкаруу тармагынын 2215 - ар кандай чыгымдар беренесинен - 310,0 миң сом жылдырылып берилсин.
2. 24.05.2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” №54 Мыйзамынын 18 - беренесинин 2 - пунктуна ылайык өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча Шалаты участкасындагы каналдын башкы сооружениясын ремонтоого карата - 50,0 миң сом 2215-ар кандай чыгымдар беренесинен бөлүнүп берилсин.
3. Башкаруу тармагынын 01.01.2024 - жылдагы калдыктын эсебинен 3112 - машина жана жабдуу беренесине Кара - Суу айылындагы кийим тигүүчү цехке алына турган инвентарга каралган - 514,0 миң сомду Казарман айылындагы мусордук свалкага электр энергиясын киргизүүгө карата трансформатор алууга - 250,0 миң сом, Казарман айылындагы Т.Жээналиев көчөсүнө видео көзөмөл камерасын коюуга - 165,0 миң сом, музыкалык аппаратты оңдоого карата - 30,0 миң сом Кара-Суу айыл аймагындагы негизги каражатындагы турган Субару - форестр кызматтык унаасын ремонтоо үчүн - 69,0 миң сом жалпы 3112 - машина жана жабдуу беренесинен - 514,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берүү жагы каралсын.
4. Кара - Суу айылындагы тигүүчү цехине алына турган 514,0 миң сом , Чет - Булак айылындагы муз аянтчасын курууга каралган - 500,0 миң сом акча каражаттары башка маданий иш- чараларга кетип калгандыгына байланыштуу 2024 - жылдын биринчи жарым жылдыгына карата ашыкча түшкөн акча каражатынан толуктоо жагы каралсын.
5. Тагай, Кара - Сакал, Жетиген, Беш-Там участкаларындагы шагыл, кызыл- кум, топурак карьерлеринен өзүм билемдик менен баш аламан, ирээтсиз казылып алынып жаткандыктан Каргалык айыл өкмөтү жердин ээси катары өз убагында көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн райондук экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан - 55,0 миң сом айып салынгандыгы белгиленсин .
6. Тагай, Кара - Сакал, Жетиген, Беш-Там участкаларындагы шагыл, кызыл- кум, топурак карьерлерин он күндүн ичинде иретке келтирүү, тиешелүү адистерге чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага тапшырылсын.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду аткаруу жагы айыл Каргалык өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана ФЭБ башчысы Г.Э.Өзүкановага милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |