Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жыл 05-июну №36
Каргалык айыл өкмөтүнүн жарандарынан келип түшкөн арыз-даттануулардын чечилбегендигинен жана айрым мекеме ишканалар ортосундагы кызматтык милдеттердин аткарылбадыгынан улам келип чыккан көйгөйлөрдү кароо
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2- главасынын 2.1- пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 04.05.2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын №67 Мыйзамынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” 8-статьясына ылайык, Каргалык айыл өкмөтүнүн тургундарынан келип түшкөн арыз-даттануулардын жана мамлекеттик мекемелерге берилген кызматтык каттар боюнча толук анализделип чыгып, 2024-жылдын 1-июлуна чейин тиешелүү иш чаралардын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча Каргалык айылдык кеңешке жооп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн жарандарынан келип түшкөн арыз-кайрылууларда айтылган бөлүнүп кеткен, кашааланган ортонку жайыттардагы жерлерди аныктоо максатында, курамында депутаттардан кошулган атайын комиссия түзүлсүн, эгерде мыйзамга каршы келген жагдайлар аныкталса, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү менен түзүлгөн ижара келишимдерди жокко чыгаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин жана
2024 - жылдын 1-июлуна чейин Каргалык айылдык кеңешке жооп берүү жагы тапшырылсын.
3. Ортоңку жайыттардын жерлериндеги чөптүн тоют катары чабылышына, сатылышына тыюу салынсын жана ар дайым Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунованын көзөмөлүндө болуу менен мыйзамдарга каршы келген чечимдерди чыгарган адистердин кызмат абалын кароо жагы милдеттендирилсин.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери Каргалык айыл аймагынын тургундары менен тыгыз иш алып барбагандыгынан улам, көйгөйлүү маселелер жаралып эл арасында нааразылыктар пайда болгондугу белгиленсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы, “Жайыт” комитеттери жана башка тиешелүү адистери Каргалык айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн арыз- даттанууларда көрсөтүлгөн талаш-тартыш маселелер менен жеринен иш алып барбагандыгы белгиленсин жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунованын түз көзөмөлүндө болуусу милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага жана «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |