Загрузка документа…
КЫЗ-КѲЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын
2024-жыл 17-майындагы №9
Жерлерди бир категориядан башка категорияга (трансформациялоо) которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участколорун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 169 токтомунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасында жайгашкан №141 контурундагы 1,05га айыл чарбасынын жайыт жерлерин тоок фирма уюштуруу максатында “Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн өнөр жай багытындагы жерлери категориясына которууга макулдук берүү жагы сунушталат
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевге жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: |
К.Кушбаков |