Сравнение редакций…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июлу № 1-ЧУА
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежеси 1-тиркемеге ылайык;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы:
- ушул токтом менен бекитилген Форма кийимин кийүү эрежесин сактоо үчүн кызматкерлердин жеке жоопкерчиликтерин белгилесин;
- ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы ведомстволук форма кийимин даярдоо үчүн акча каражатын белгиленген тартипте бөлүүнү камсыздасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ушул токтомду Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жарыяласын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарынын мэри | А.Дж. Джунушалиев |
| Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин
СЫПАТТАМАСЫ
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
1. Форма кийиминин буюмдарынын сыпаттамасы
1. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийими күнүмдүк жана параддык болуп бөлүнөт, алар төмөнкүдөй түрлөрдө болот: жайкы, жазгы-күзгү жана кышкы.
2. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин параддык кийим формасы:
1) эркектер үчүн:
- кара түстөгү параддык фуражка;
- кара түстөгү параддык китель;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- жашыл лампастары бар кара түстөгү шым;
- кара түстөгү параддык галстук;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жашыл кыюусу бар ак түстөгү погондор;
2) аялдар үчүн:
- кара түстөгү параддык фуражка (панама);
- кара түстөгү параддык китель;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү юбка;
- кара түстөгү параддык галстук;
- кара түстөгү бут кийим;
- жашыл кыюусу бар ак түстөгү погондор;
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
3. Инспекторлорду кошпогондо, Муниципалдык инспекциянын эркек кызматкерлеринин күнүмдүк кийими:
1) жайкы:
- күнүмдүк фуражка же жайкы кепка (бейсболка);
- кара түстөгү күнүмдүк китель жашыл лампастары бар кара түстөгү шымы менен;
- кыска же узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара-түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кончу кыска ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
2) жазгы-күзгү:
- күнүмдүк фуражка же жазгы-күзгү кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жазгы-күзгү күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- жашыл лампастары бар түз шым;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
3) кышкы:
- кара түстөгү жылууланган кулакчындуу тумак;
- кара түстөгү жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү жылууланган өтүк;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
4. Инспекторлорду кошпогондо, Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин аялдар үчүң күнүмдүк кийими:
1) жайкы:
- күнүмдүк фуражка же жайкы кепка (бейсболка). Фуражканын ордуна кара түстөгү панама берилиши мүмкүн;
- кара түстөгү күнүмдүк китель;
- кара түстөгү юбка;
- жашыл лампастары бар түз шым;
- узун же кыска жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү бут кийим;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
2) жазгы-күзгү:
- күнүмдүк фуражка же жазгы-күзгү кепка (бейсболка). Фуражканын ордуна кара түстөгү панама берилиши мүмкүн;
- кара түстөгү жазгы-күзгү күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- жашыл лампастары бар түз шым;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
3) кышкы:
- кара түстөгү жылууланган кулакчындуу тумак;
- кара түстөгү жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү жылууланган кыска кончтуу ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
5. Муниципалдык инспекциянын инспекторлорунун күнүмдүк форма кийимдери:
1) жайкы:
- күнүмдүк фуражка же жайкы кепка (бейсболка);
- жашыл лампасы бар кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү күнүмдүк китель
- жашыл лампастары бар кара түстөгү шым;
- узун же кыска жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү шым (карго);
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кончу кыска жайкы ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
2) жазгы-күзгү:
- күн сайын кийилүүчү фуражка же жазгы-күзгү кепка (бейсболка);
- жашыл лампасы бар кара түстөгү жилет;
- жазгы-күзгү күрмө;
- күнүмдүк костюм же пуловер;
- жашыл лампастары бар түз шым;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү шым (карго);
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор;
3) кышкы:
- кара түстөгү жылууланган кулакчындуу тумак;
- жашыл лампасы бар кара түстөгү жилет;
- жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- кара түстөгү күнүмдүк галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү шым (карго);
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү ботинка;
- жашыл кыюусу бар кара түстөгү погондор.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
2. Айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы
6. Форма кийиминин элементтеринин бардык өлчөмдүк мүнөздөмөлөрү сантиметр (мындан ары - см) жана миллиметр (мындан ары - мм) менен көрсөтүлгөн.
7. Баш кийимдерде (кепка (бейсболка) жана кулакчындуу тумак) диаметри 60 мм болгон Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын логотипи түрүндөгү кокарда каралган.
Фуражка кара баркыт алкактуу кездемеден тигилет, алкагына жана жогорку маңдайына жашыл кыюу бастырылат. Алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн эки кичине топчу кадалып, ага алтын түспөлдөнгөн кокардалуу өтө чеберчилик менен өрүлгөн кош катар боо тагылат. Жетекчилер үчүн баш кийимдин кокардасынын кыры алтын түспөлдөнүп сыймаланып тигилет. Маңдай кыры кара, лакталган болот.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ийинге тагылма погондор кителге, күрмөгө, көйнөккө, футболкага кадалат. Погон катарлаш кеткен узун жактары бар, созулган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине катарлаш кетет.
9. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин погондорунун түрлөрү:
1) параддык катуу, тигилген;
2) параддык муфта-погондор, жумшак;
3) күнүмдүк катуу, тигилген;
4) күнүмдүк, жумшак муфта-погондор
10. Погондордун өлчөмдөрү:
1) тигилген - узундугу 14 см, туурасы 5 см;
2) муфталарда - узундугу 10 см, туурасы 5 см.
11. Погондордун талаачаларында кыюулар каралган. Погондордун фондук өңү жана декоративдик элементтери погондордун арналышына жана конструкциясына жараша болот. Катуу погондордун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби погондун жогорку четинен эмблеманын ортосуна чейин 23 мм аралыкта жайгаштырылат.
12. Катуу погондордо погондун периметри боюнча четинен 1,5 мм аралыкта жашыл түстөгү, жазылыгы 3 мм кыюу жасалат. Погондордо жазылыгы 4 мм узунунан кеткен тилкелер жайгаштырылат. Тилкелер оюктуу, жашыл түстө болот.
Погондор кара түстө.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
13. Параддык жана күнүмдүк катуу, тигилүүчү погондор параддык мундирлер жана күнүмдүк кителдер менен тиешелүү түрдө кийилет. Бекитүү ыкмасы - тигүү.
14. Параддык муфта-погондор узун жана кыска жеңдүү ак түстөгү көйнөк менен гана кийилет.
15. Күнүмдүк муфта-погондор мундирлерди, кителдерди кошпогондо форма кийиминин предметтери менен кийилет.
16. Погондорго муниципалдык кызматчылардын ээлеген кызмат ордуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылган класстык ченине ылайык диаметри 13, 20, 25 мм болгон үч өлчөмдүү беш бурчтуу жылдыз тагылат.
17. Күнүмдүк жана параддык погондордогу жылдыздар алтын түстүү болот.
18. Муниципалдык инспекциянын инспекторлорунун күнүмдүк кийимдеринде күрмөнүн оң текчесинде клапандын жогорку четинин үстүндө "МУНИЦИПАЛДЫК ИНСПЕКЦИЯ" деген тексти бар кыйык жайгаштырылат.
19. Кыйык Arial шрифтти колдонуу менен 11,7 см, туурасы 2,8 см өлчөмүндө болушу керек. Тамгалардын бийиктиги 0,8 см, тамгалардын калыңдыгы 0,2 см. Жашыл түстөгү алкактын калыңдыгы 0,4 см.
20. Жең белги Бишкек шаарынын мэриясынын жана Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн диаметри 81 мм токулган-тигилген шеврон түрүндө болот. Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн шеврондун кыюусу кара түстө, туурасы 3 мм болот, Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн шеврондун кыюусу кара түстө, туурасы 3 мм болот.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
21. Форма кийиминин топчулары: параддык - алтын түстүү, күнүмдүк форма кийиминде сыдырма түрүндө болот.
Мэрдин орун басары | Ж.С. Ырсалиев |
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июлу № 1-ЧУА
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА, 2026-жылдын 27-мартындагы №3-ЧУА токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежеси 1-тиркемеге ылайык;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы:
- ушул токтом менен бекитилген Форма кийимин кийүү эрежесин сактоо үчүн кызматкерлердин жеке жоопкерчиликтерин белгилесин;
- ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы ведомстволук форма кийимин даярдоо үчүн акча каражатын белгиленген тартипте бөлүүнү камсыздасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ушул токтомду Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жарыяласын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарынын мэри | А.Дж. Джунушалиев |
| Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин
СЫПАТТАМАСЫ
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 3 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Сыпаттама Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын (мындан ары - Муниципалдык инспекция) кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин курамын, тышкы көрүнүшүн жана негизги мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле айырмалоочу белгилерин аныктайт.
2. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийими жана айырмалоочу белгилери Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежелерине ылайык колдонулат.
3. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин айырмалоочу белгилери төшкө тигилүүчү кыйык жана текстилдик кыйыктар, ошондой эле металлдан жасалган кокарда түрүндө аткарылат жана кызматкердин класстык чендерин жана Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин билдирүү үчүн арналат.
4. Төшкө тигилүүчү кыйык белгилери форма кийиминин сол төш чөнтөгүнүн үстүнө жайгаштырылат.
2. Форма кийиминин предметтеринин сыпаттамасы
5. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
- күнүмдүк;
- параддык.
6. Күнүмдүк жана параддык форманын жайкы, жазгы-күзгү жана кышкы түрлөрү бар.
7. Эркектердин параддык формасы:
- металдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү параддык фуражка;
- шевронсуз кара түстөгү параддык китель;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү шым;
- кара түстөгү параддык галстук;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- параддык үлгүдөгү төшкө тигилүүчү кыйык;
8. Аялдардын параддык формасы:
- металдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү параддык панама;
- кара түстөгү параддык китель;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү юбка;
- кара түстөгү параддык галстук;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- параддык үлгүдөгү төшкө тигилүүчү кыйык.
9. Эркектердин күнүмдүк формасы:
а) жайкы:
- кара түстөгү фуражка же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү шым;
- кыска же узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү футболка;
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
б) жазгы-күзгү:
- кара түстөгү фуражка же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү жазгы-күзгү күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- кара түстөгү шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
в) кышкы:
- металлдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү кулакчындуу тумак же Муниципалдык инспекциянын текстилдик эмблемасы бар кышкы жылууланган баш кийим;
- кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- кара түстөгү шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү галстук;
- аба-ырайына ылайык көйнөк ордуна кара түстөгү водолазка кийүүгө уруксат берилет;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү жылууланган ботинка же өтүк;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
10. Аялдардын күнүмдүк формасы:
а) жайкы:
- кара түстөгү панама же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жилет;
- узун же кыска жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү футболка;
- кара түстөгү юбка же шым;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
б) жазгы-күзгү:
- кара түстөгү панама же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жазгы-күзгү күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү юбка же шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
в) кышкы:
- металлдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү кулакчындуу тумак же Муниципалдык инспекциянын текстилдик эмблемасы бар кышкы жылууланган баш кийим;
- кара түстөгү жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- аба-ырайына ылайык көйнөк ордуна кара түстөгү водолазка кийүүгө уруксат берилет;
- кара түстөгү юбка же шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү жылууланган ботинка же өтүк;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык.
3. Айырмалоочу белгилердин сыпаттамасы
11. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин айырмалоочу белгилерине төмөнкүлөр кирет:
- металлдан жасалган кокарда;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
- текстилдик кыйыктар;
- Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган эмблемалары;
- металлдан жасалган төрт бурчтуу жылдыздар.
12. Форма кийимдеринин элементтеринин жана айырмалоочу белгилеринин бардык өлчөмдүк мүнөздөмөлөрү миллиметр менен (мм) көрсөтүлөт.
13. Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган кокардасы диаметри 60 мм, Муниципалдык инспекциянын логотиби түшүрүлгөн алтын түстөгү буюм болуп саналат.
14. Металлдан жасалган кокарда фуражкаларга жана кулакчындуу тумактарга жайгаштырылат.
15. Төшкө тигилүүчү кыйык белги 120 × 40 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу горизонталдуу формада болот жана текстилдик негизде даярдалат.
16. Төшкө тигилүүчү кыйык периметри боюнча туурасы 2,5 мм болгон жашыл түстөгү кыюу менен аткарылат.
17. Төшкө тигилүүчү кыйыктын алдыңкы бетинде төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу жылдыздар;
- жашыл түстөгү тик сызыктар;
- каптал жактарында — Муниципалдык инспекциянын эмблемасы бар металлдан жасалган алтын түстөгү белгилер.
18. Металлдан жасалган төрт бурчтуу жылдыздардын жана тик сызыктардын саны Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченине жараша аныкталат.
19. Арналышына жараша төшкө тигилүүчү кыйыктар төмөнкү түрлөрү айырмаланат:
˗ параддык төшкө тигилүүчү кыйык (ак түстө);
˗ күнүмдүк төшкө тигилүүчү кыйык (кара түстө).
20. Муниципалдык инспекциянын эмблемасы бар металлдан жасалган белги - калкан түрүндөгү Муниципалдык инспекциянын эмблемасынын сүрөтү түшүрүлгөн металл буюм, ал төшкө тигилүүчү кыйыктын эки капталына тагылат жана Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин айырмалоочу белгисинин милдеттүү элементи болуп саналат.
21. Металлдан жасалган төрт бурчтуу жылдыздар айырмалоочу белгилер болуп саналат жана Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченин көрсөтүү үчүн арналат.
22. Төрт бурчтуу жылдыздар алтын түстөгү металлдан жасалат жана төшкө тигилүүчү кыйыкта жайгаштырылат.
23. Төрт бурчтуу жылдыздардын саны Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченине жараша Форма кийимин кийүү эрежелерине ылайык аныкталат.
24. Муниципалдык инспекциянын 50 × 40 мм өлчөмүндөгү текстилдик эмблемасы Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин кепкасына (бейсболкасына) жана жылууланган баш кийимдерине жайгаштырылат.
25. «МУНИЦИПАЛДЫК ИНСПЕКЦИЯ» деген аталышы бар текстилдик кыйык төмөнкүлөргө жайгаштырылат:
- кызматкердин форма кийиминин оң төш чөнтөгүнүн үстүнө — өлчөмү 115 × 28 мм;
- кышкы куртканын артына — өлчөмү 265 × 100 мм.
26. Формалык топчулар форма кийиминин элементи болуп саналат жана анда Кыргыз Республикасынын гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлөт.
27. Күнүмдүк жана параддык форма кийиминде диаметри 22 мм жана 14 мм болгон алтын түстөгү формалык топчулар тагылат.
4. Корутунду жоболор
28. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийими жана айырмалоочу белгилери бекитилген үлгүлөргө жана ушул Сыпаттамага ылайык келүүгө тийиш. Форма кийими эскирген же калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон учурда, ал белгиленген тартипте алмаштырылууга жатат.».
Мэрдин орун басары | А.К. Кадыров |