Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июлу № 107
Бишкек шаарынын калкы үчүн сууну керектөө (ичүүчү суу) ченемдерин бекитүү жөнүндө
Ичүүчү сууну керектөөнү эсепке алууну системалаштыруу максатында, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 5-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 124 "Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Шаардык канализацияга ысык сууну агызууну эсепке алуу менен шаардык суу жабдуу системасына кошулган турак үйлөрдөгү суу керектөө (ичүүчү суу) ченемдери (мындан ары - ченемдер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керектелген ичүүчү суунун көлөмү жеке суу ченөөчү приборлордун (суу ченегичтердин) көрсөткүчтөрү боюнча аныктала тургандыгы белгиленсин. Ичүүчү сууда жеке суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) жок учурда керектелген суунун көлөмү ченемдер боюнча аныкталат.
3. "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы турак үйлөрүндө жеке суу ченөөчү приборлору (суу ченегичтер) жок калктан ичүүчү суу жана сууну агызып чыгаруу (канализация) үчүн акы төлөөнү бекитилген ченемдер боюнча жүргүзсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
Мэр |
| А.Дж. Джунушалиев |
|
| Бишкек шаарынын мэриясынын2024-жылдын 5-июлундагы № 107 токтомуна тиркеме |
Шаардык канализацияга ысык сууну агызууну эсепке алуу менен шаардык суу жабдуу системасына кошулган турак үйлөрдөгү суу керектөө (ичүүчү суу) ченемдери ЧЕНЕМДЕРИ
1. Ичүүчү суунун көлөмү жеке суу ченегичтердин көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат.
2. Ичүүчү сууда жеке суу ченегичтер жок учурда керектелген суунун көлөмү бекитилген суу керектөө ченемдери боюнча аныкталат.
3. Агынды суунун көлөмү ичүүчү жана ысык сууга орнотулган жеке суу ченегичтердин көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат.
4. Ичүүчү жана ысык сууда жеке суу ченегичтер жок учурда агынды суунун көлөмү бекитилген суу керектөө ченемдери боюнча аныкталат.
Чыгымдардын түрлөрү | 1 жашоочуга сууну керектөөнүн ченеми суткасына/л |
Көчөдөгү колонкалардан керектөө | 50 |
Суу түтүгү бар, борбордук канализация жок үйлөр | 350 |
Суу түтүгү жана борбордук канализация бар үйлөр | 350 |
Суу түтүгү, борбордук канализация жана борбордук ысык суу жабдуусу бар жеке менчик турак үйлөр | 350 |
Суу түтүгү, канализация жана ысык суу жабдуусу бар көп кабаттуу турак үйлөр | 310 |
Мэрдин орун басары |
| Р.Г. Алиев |