Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 380
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору", "Окуу-маалыматтык жана котормо борбору", "Кыргызтест" мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 30-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 549 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган токтомдун 342-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, демилге көрсөткөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын өлчөмүнүн 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,08 |
2 | Директордун орун басары | 3,71 |
3 | Редакциянын башчысы | 2,88 |
4 | Башкы бухгалтер | 2,88 |
5 | Жетектөөчү илимий редактор, жетектөөчү адис | 2,49 |
6 | IT бөлүмүнүн начальниги | 2,88 |
7 | Бөлүмдүн начальниги | 2,99 |
8 | Башкы адис | 2,76 |
9 | Адис, техникалык редактор-дизайнер | 2,11 |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Окуу-маалыматтык жана котормо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,08 |
2 | Башкы бухгалтер | 2,88 |
3 | Ассистент | 2,49 |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Окуу-маалыматтык жана котормо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.".