Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы

2023-жылдын 15-июну № 3/6

 

Муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жолу менен менчиктештирүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жолу менен менчиктештирүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.

                                    

Төрага

Шаарбек у Б.

 

 

 

 

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык

кеңешинин XXVIII чакырылышынын

III кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

15-июнундагы №3/6 токтому менен

бекитилген тиркеме №1

 

 

 

 

Жобо

Муниципалдык менчиктегиайыл чарба техникаларынкийин сатып алуу укугу менен ижарага беруужолу мененменчиктештируу жөнүндө

I. Жалпы Жоболор

1. Муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийинсатып алуу укугу менен ижарага беруужолу менен менчиктештируу жонундогу ушул Жобо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мулкко муниципалдык менчик жонундогу мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу жолу менен менчиктештируунун шарттарын жана тартибин аныктайт.

2.  Ушул Жободо колдонулган негизги терминдер:

Ижара объектиси- ижарага берүү предмети болуп саналган муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникалары (комбайн, жатка).

кийинсатып алуу укугу менен ижарага беруу- бул муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын менчиктештируунун ыкмаларынын бири болуп саналат, ижарага беруу келишиминин мооноту аяктагандан кийин же ижарага алуучу келишимде шартталган менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасын тологон шартта ушул моонот аяктаганга чейин ижарага алынган объект ижарага алуучунун менчигине ото тургандыгы.

ыйгарым укуктуу орган-жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.

ижарага беруучу- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага берууну уюштуруу жана ишке ашыруу ыйгарым укугу берилген жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (айыл окмоту).

ижарага алуучу - муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага алган жеке жана юридикалык жактар.

менчиктештируу объектиси- муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникалары;

комиссия – муниципалдык менчиктеги ижара объектисин кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан тузулгон комиссия;

конкурс – муниципалдык менчиктеги ижара объектисин кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу келишимин тузуу укугуна карата тооруктардын туру, анда конкурстун талаптарына ылайык, абдан жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу женуучу деп таанылат;

 

 

ижаранын минималдуу олчому - конкурс откоруудо маалымдалган муниципалдык менчиктеги ижара объектисин колдонуу үчүн ар бир айлык ижара акынын минималдуу олчому;

муниципалдык менчиктеги менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы- ыйгарым укуктуу орган тарабынан мыйзам чегинде эсептелген менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы.

талапкер – кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү келишимин түзуу укугуна карата тоорукка катышуусун билдирген жана кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү келишимин тузуу укугуна талапкерлигин койгон жак;

тоорук – муниципалдык менчиктеги ижара объектисин кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу келишимин тузуу укугуна карата конкурс;

3. Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу келишимин түзүү тооруктардын натыйжалары боюнча жургузулот.

4. Ижарага беруу келишимин тузуу укугуна карата тооруктар, ижарага беруучунун чечими менен тузуло турган комиссия тарабынан жургузулот.

Комиссиянын курамына ижарага беруучу, зарылдыгына жараша башка муниципалдык уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.

Комиссиянын курамы жана иштөө тартиби ижарага беруучу тарабынан бекитилет.

Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйынга катышкан комиссия мучолорунун жана тооруктан уткан жактын колу коюлат.

5. Ижарага беруучу тоорукка катышууга талапкердин талабы боюнча ижара объектисинин техникалык абалын карап чыгуу максатында ижара объектисин кароону камсыз кылат, ошондой эле муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникаларын кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруунун типтуу келишимин таанышуу үчүн сунуштайт.

6. Тоорук откоруу жонундогу маалыматтык билдирүү жарандар коп журуучу коомдук жайларда (айыл окмотунун кенсесинде, мектепте, бала бакчада ж.б.у.с жерлерде) жана ижарага беруучунун (эгер ал бар болсо) расмий интернет-сайттарында жайгаштырылууга тийиш. Тоорук откоруу жонундогу маалыматтык билдируу, тоорук откорууго чейин, отуз кун мурда жалпы жарыяланууга тийиш.

Маалыматтык билдируулорду жарыялоо жана тоорук откоруунун чыгымдары, ижарага беруучунун каражаттарынын эсебинен жабылат.

7. Тоорукка катышуу учун талапкер жарыяланган ижарага беруунун баштапкы же болбосо минималдык олчомунун 10% шертпулду маалыматтык билдируудо корсотулгон эсепке тогууго тийиш.

8. Тооруктун женуучусунон башка, бардык катышуучуларга жана талапкерлерге тооруктун жыйынтыгы жонундо протоколго кол коюлгандан кийин, 10 банктык күндүн ичинде шертпул кайтарылып берилет.

Тооруктун женуучусунун шертпулу ижара акысын толоо эсебине которулат. Эгерде тооруктун женуучусу тооруктун жыйынтыгы жонундо протоколго кол коюудан же ижара келишимин тузуудон баш тарта турган болсо, шертпул кайтарылып берилбейт.

9. Ижара объектисин ижарага беруу шарттары, ижара алуучунун жана ижара беруучунун укуктары, милдеттери, тараптардын жооп керчиликтери жана ижаранын башка шарттары келишим менен белгиленет.

10. Ижарага алуучу ижарага беруу келишими кучуно кирген мезгилден тартып ижара объектисин ижарага алат. Келишим эки тарап кол койгондон баштап жана акты менен экинчи тарпка откоруп бергенден кийн кучуно кирет.

Ижара келишими ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган моонотко тузулот,бирок 5 жылдан ашпоого тийиш.

13. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери муниципалдык менчиктеги мулкту ижарага алуучу боло алышпайт.

14. Ижарага алуучу ижарага алынган ижара объектисин кайра ижарага берууго, ижара келишими боюнча озунун укуктарын башка жакка куроо катары берууго, ошондой эле юридикалык жактардын уставдык капиталына аманат катары тогууго укуксуз.

3. Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу келишимин тузуу укугуна карата конкурс

15. Муниципалдык менчиктеги ижара объектисикийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү келишимин түзуу укугуна карата конкурс ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча жургузулушу мумкун:

- муниципалдык менчиктеги ижара объектисин колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген шарттар, ижаралык объектиге, анын иштоо жана иштетуу режимине же ижарага алуучу тарабынан ондуруло турган товарлардын же ал корсото турган тейлоо кызматтарынын сапатына карата кайсы бир милдеттенмелерди ижарага алуучунун кабыл алуусун болжолдоо.

Конкурс откоруу үчүн ижара объектисин пайдалангандыгы үчүн ай сайын алынуучу ижара акысынын минималдуу олчомун, менчиктештируу объектисин буткул сатып алуу баасын жана ошондой эле, ижара алуучу озуно кабыл алуучу милдеттенмелерин аныктоо зарыл.

16. Муниципалдык менчиктеги ижара объектиси менен ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата конкурс откоруу учун ыйгарым укуктуу органдын бухгалтери тиркемелери менен бирге ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине (айыл окмотуно) расмий арыз менен кайрылат:

- Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кызматкер тарабынан кол коюлган арыз;

- конкурстун катышуучуларына карата талаптар;

- конкурстук шарттар;

- ижаралык минималдуу олчомдун эсеби;

- менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы;

- ижарага берилип жаткан ижара объектисинин техникалык паспорту же башка техникалык документтердин кочурмолору.

17. Арыз келип тушкон кундон кийин ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси 15 кундун ичинде:

- берилген материалдарды карап чыгат, ижаралык акынын минималдуу олчому туура эсептелгендигин текшерет;

- менчиктештируу объектисининбуткул сатып алуубаасынын туура эсептелгенин текшерет.

- конкурс откоруло турган датаны, ордун (жерин) жана убакытын аныктайт;

- талапкер беруучу шертпулдун суммасын жана моонотун аныктайт;

- конкурсту откоруу жонундо маалыматтык кабардын текстин даярдоону, расмий интернет-сайтында жайгаштырууну жана аны жалпыга маалымат басма каражаттарында басып чыгаруу иштерин ыйгарым укуктуу органдын бухгалтерине тапшырат.

18. Конкурс откоруу жонундо маалыматтык кабар томонку маалыматтарды камтуусу керек:

- ыйгарым укуктуу органдын аталышын;

- ижара объектинин аталышын, жайгашкан ордун жана дайындалышын;

- ижаралык объектинин саны жана техникалык абалын;

- арыздарды жана конкурстук сунуштарды кабыл алуу жерин, датасын, убакытын;

- шертпулдун суммасын жана тогуу моонотун, ошондой эле ал которула турган эсептин реквизиттерин;

- ижаранын минималдуу олчомун жана моонотун;

- менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы менен толук тогуп бутуруу моонотторун;

- конкурстун катышуучуларына карата талаптарды жана конкурстук шарттарды;

- конкурска катышуу үчүн талапкерлер бере турган документтердин тизмегин;

- арыздар жана конкурстук сунуштар салынган конверттерди ачуу, аларды кароо жана конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу, ордун, датасын жана убакытын.

19. Ижара келишимин тузуу укугуна карата конкурс комиссия тарабынан жургузулот, ага томонку маселелер жуктолот:

- конкурска катышууга карата келип тушкон арыздарды каттоо жана кароо;

- конкурска катышууга талапкерлерди киргизуу жонундо чечим кабыл алуу;

- конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо;

- конкурстун женуучусун аныктоо;

- конкурс откорулду же откорулгон жок деп таануу;

- конкурстун жыйынтыктары жонундо протокол түзүү.

Эгерде ыйгарым укуктуу органдынозү же башка муниципалдык мекеме-ишканалар тарабынан конкурс жарыяланган ижара объектисине карата пайдалануу зарылчылыгы пайда болсо, ыйгарым укуктуу орган тоорук жургузуудон баш тартууга укуктуу.

Тооруктарды жүргүзуу жонундо маалыматтык кабарда башкасы каралбаса, аны откоро турган кундон уч кун мурда, андан кечиктирбестен конкурска катышуучу талапкерлерге ал тууралуу жазуу турундо билдирүү аркылуу ыйгарым укуктуу орган каалаган убакта конкурстан баш тартууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу орган конкурс откоруудон баш тартса, талапкер койгон шертпулдун суммасы он банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

Арыздарды кабыл алуу аяктаганга чейин, уч кун мурда, андан кем эмес моонотто, талапкер катталган билдируусун комиссияга жазуу турундо билдируу жолу менен кайра чакырып алууга укуктуу.

Талапкер, катталган арызын кайра чакырып алса, талапкер койгон шертпулдун суммасы он банктык кундун ичинде кайтарылууга тийиш.

20. Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча конкурска катышууга билдирүү, ушул билдирүү берилип жаткан конкурстун аталышы корсотулгон, чапталган конверт жазуу турундо комиссияга берилет. Талапкерлер томонку документтерди да беришет:

- конкурстун шарттарын аткаруу жана ижаралык акынын олчому, ошондой эле, менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы менен тогуп буткоруу мооноттору боюнча сунуштар;

- шертпул толонгондугун ырастаган толом документтеринин кочурмосу;

- юридикалык жактар үчүн - билдирүү берилген кундон мурдагы, акыркы кварталга карата бардык баскычтагы бюджеттерге салык толомдору боюнча мооноту откон карыздарынын жоктугун тастыктоочу салык органынан маалымдама.

Жеке адамдар ким экендигин куболондургон документтердин кочурмосун беришет; жеке ишкерлер - ишкердик иш жургузуучу жеке адамдын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жонундогу куболугунун же патенттин кочурмосун. Эгерде, билдирүү талапкердин окулу тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш жургузууго ыйгарым укугу берилген жактын нотариус куболондургон ишеним каттын (туп нускасын же кочурмосун) бериши керек.

Юридикалык жактар юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жонундогу куболугунун нотариус куболондургон кочурмосун, юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бутумдорду жургузууго карата окулдун атына берилген ишеним катын бериши керек.

Талапкер билдирүү менен кошо бардык берилген документтердин эки нускадагы кол коюлган тизмесин берет.

Ыйгарым укуктуу орган жана комиссия, конверт ачылганга чейин конкурска катышууга карата билдируулордо камтылган маалыматтардын жашыруундуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

21. Маалыматтык кабарда корсотулгон күнү комиссия ушул Жобонун 20-пунктунун талаптарына алардын ылайык келуусун кароо үчүн билдируулор салынган конверттерди ачат.

Конкурска катышууга карата билдируулорду кароонун жыйынтыктарынын негизинде комиссия тарабынан протокол тузулот, анда конкурска катышууга талапкерлерди катыштыруу жонундогу же андан баш тартуу жонундогу чечимдер корсотулот. Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер жонундо билдируулор, корсотулгон протоколго кол коюлгандан кийин үч кундон кечиктирбестен талапкерлерге жонотулот.

22. Томонку учурларда конкурс откон жок деп таанылат, эгерде:

- конкурска катышууга карата билдируулор берилбесе;

- бардык талапкерлер үчүн конкурска катышууга жол беруудон баш тартуу жонундо чечим кабыл алынса;

- конкурска катышууга бир эле талапкер откорулсо;

- катышуучу-жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тартса.

23. Билдируулорду кароо боюнча протоколго кол коюлган кундон кийин, он кундүн ичинде комиссия конкурстук сунуштарды жалпы ачууга жана кароого киришет. Конкурстук сунуштарды кароо учурунда конкурстун катышуучулары жеке оздору катыша алат же тийиштүү турдо дайындалган ыйгарым укуктуу окулдорун жонотушот.

24. Конкурстук сунуштарды баалоо, конкурстун шарттарына жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан коюлган талаптарга карата, анын ичинде томонку критерийлер боюнча комиссия тарабынан жургузулот:

- конкурстук объектини менчиктештирип алууда эн жакшы шарттарды жана кыска моонотто толоп берууну сунуштоо;

- ижара акынын олчомун жогору корсотуу;

- ижарага алуучу тарабынан айыл элине корсотуло турган тейлоо кызматтардын сунуш кылынган муноздомолору;

Эгерде, конкурстук сунуштарды баалоо бир жыйындын ичинде аяктабаса же аларды изилдоо үчүн атайын адистерди тартуу керек болсо, комиссия кийинки жыйынга чейин конкурсту откоруу моонотун узартуу жонундо чечим кабыл алат.

25. Конкурстун талаптарына ылайык, абдан жакшы шарттарды сунуш кылган конкурстун катышуучусу конкурстун женуучусу болуп таанылат.

Конкурстун натыйжалары Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча комиссия тарабынан түзүлө турган конкурстун жыйынтыктар жонундогу протоколунда чагылдырылат. Протокол эки нускада тузулот, аларга комиссиянын мучолору жана конкурстун женуучусу тарабынан тоорук жургузулгон күнү кол коюлат.

26. Конкурс откорулгон жок деп таанылган учурда, комиссия ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча конкурсту озгортулгон шарттары менен кайталап жарыялоо тууралуу же объектти аукционго коюу же тооруктан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.

27. Конкурстун жыйынтыктары жонундо протокол тузулгондон кийин он күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тооруктун женуучусу менен ижара келишимин түзүшү керек. Ижара келишими ижарага алуучунун милдеттенмелерин камтуусу керек.

28. Ыйгарым укуктуу орган ижара келишимин тооруктун женуучусуно протоколго кол коюлгандан кийин 3 кундун ичинде таанышууга жана ага озгортуу менен толуктоолорду киргизуу боюнча сунушун 3 кундун ичинде берууго берет. Ыйгарым укуктуу орган тооруктун женуучусу тарабынан берилген сунушту 3 кундун ичинде карап, эгерде ушул Жобого жана конкурстун шарттарына каршы келбесе тооруктун женуучусу менен келишимге кол коюлат.

29. Конкурстун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын козомолдоо ижара беруучуго жуктолот. Финансылык жыл аяктаганда ижара берүүчү жыл сайын ижарага алуучу тарабынан келишимдик милдеттенмелерди аткаруунун журушун козомолдойт жана так аткарылуусу учун тиешелуу чараларды корот.

4. Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин ижарага берүү келишимин тузуу, озгортуу жана бузуу тартиби

30. Тараптар Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин (айыл чарба техникаларын) кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу боюнча типтуу келишимде (ушул Жобонун 4-тиркемеси) аныкталган шарттарда ижара келишимин тузушот.

Зарылдыгына жараша ижара келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар каралышы мүмкүн.

31. Келишимдин шарттарына озгортуулор жана толуктоолор тараптар тарабынан колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу тузуу жолу менен киргизилиши мүмкүн. Тараптардын милдеттери кошумча макулдашууга тараптар тарабынан кол коюлгандан кийин озгортулду деп эсептелет.

33. Ижара келишими томонку учурларда токтотулат:

- келишимдин мооноту аяктаганда же келишимдин моонотунун ичинде ижарага алуучу менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасын толоп, озунун менчигинеоткоруп алган учурда.

- тараптардын оз ара макулдашуусу боюнча келишим бузулган учурда;

- тараптардын биринин талабы боюнча келишим сот тарабынан моонотунон эрте бузулса.

34. Тараптардын оз ара макулдашуусу боюнча келишим токтотулган учурда, тараптаржазуу жузундо макулдашуу тузушот жана агатараптар тарабынан кол коюлуп, андан сон откоруп беруу-алуу актысы менен факт жузундо ижара беруучуго ижара объектиси откорулуп берилгенденкийин кучуно кирет. Келишимдин негизинде ижарага алуучуижарага беруучуго ижара объектисин техникалык жактан он абалда откоруп берууго милдеттуу.

35. Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча ижара келишими сот тарабынан моонотунон мурда бузулушу мүмкүн, эгерде, ижарага алуучу:

- ижаралык объект келишимдин шарттарын бузуу менен же максаттык эмес багытта колдонулса;

- тоорук жургузуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;

- ижара объектисинижарага алуучу кайрадан ижарага берсе;

- келишимде белгиленген моонотто ижаралык акыны эки жолудан ашык толобосо;

- пайдалануу процессинде ижаралык объектинин техникалык муноздомосу же функциялык озгочолуктору начарласа, же анын ондоого мүмкүн болбогондой, талкаланышына алып келгендей жабыркаса, аларды жок кылуу үчүн калыбына-келтирүү ондоо иштерин жүргүзүү талап кылынса;

- ижарага берүүчүнүн жакшы иштоосуно жолтоо болсо же анын иши ижарага беруучу учун финансылык, ондуруштук жана техникалык жактан терс кесепеттерге алып келсе.

36. Ижарага алуучунун талабы боюнча ижара келишими сот тарабынан моонотунон мурда бузулушу мүмкүн, эгерде:

- ижарага берүүчү ижара объектисинколдонууга бербесе же келишимдин шарттарына жана мүлктүн максатына ылайык ижаралык объектини пайдалануу учун тоскоолдук тузсо;

- ижарага алуучуга берилген ижара объектиси келишимди тузуу учурунда ижарага беруучу тарабынан суйлошулбогон, ижарага алуучуга мурдатан белгисиз болгон жана алар ижаралык объектини кароо же келишимди тузуу учурунда же анын он экендигин текшеруу учурунда байкалбаган кемчиликтер аларды пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

- ижарага алуучу жооп бербей турган кырдаалдардын себебинен улам ижара объектиси пайдалануу учун жараксыз абалда болуп калса.

37. Ижара келишиминин моонотунон эрте бузуу учун биринчи тарап экинчи тарапка анын келишимдик милдеттерди аткаруусу зарыл экендиги же кетирилген тартип бузууларды он беш кундун ичинде жоюу жонундо эскертуу катын жонотот.

Ижара келишимин моонотунон мурда бузуу тууралуу талап боюнча тарап сотко арызданышы мумкун:

- келишимди бузуу жонундо сунуштан экинчи тарап баш тарткан же сунушта корсотулгон моонотто, ал жок болсо - отуз күндүк моонотто жооп алынбаган учурда;

- экинчи тарап келишимдин милдеттерин аткарбаган же жазуу жузундо эскертуу алгандан кийин, он беш кундук моонотто озу кетирген тартип бузууларын жойбогон учурда.

38. Ижара келишимин токтотуу, ижарага алуучуну ижаралык акыны, туумдарды жана айыптарды толоо боюнча карыздарды толоодон бошотпойт.

39. Ижара келишимин токтотуу учурунда ижарага берүүчү бир айлык моонотто ижарага берилген объектти озунун ээлигине жана пайдалануусуна кайтаруу боюнча чараларды көрүшү керек.

5. Муниципалдык менчиктеги мулкту пайдалангандыгы үчүн ижаралык акы жана менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы тууралуу

40. Ижаралык акы толомдордун белгиленген так суммасында бекитилген турундо ижарага берүүчүнүн эсебине тогулот. Ижаралык акы эксплуатациялык чыгымдарды жана салык, ижара объектисин камсыздандыруу жана мыйзамдарда каралган башка толомдорду камтыбайт.

41. Ижарага алуучунун ижаралык акыны толоо милдеттенмеси ижара келишиминде корсотулгон датадан тартып жаралат.

42. Ижаралык акыдан келип тушкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн ижарага берүүчү-уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери жоопкерчиликтүү болот.

43. Муниципалдык менчиктеги ижара объектисинин ижаралык акысынан келип тушкон каражаттар ай сайын ижарага берүүчүнүн эсептешүү эсебине келип тушот, кийин алар салыктык эмес толомдор жонундо мыйзамда белгиленген тартипте республикалык бюджетке которулат.

44. Ижара келишимин түзүү менен байланышкан материалдардын ырастуулугу үчүн ижарага берүүчү-уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери жоопкерчиликтүү болот.

45. Ижаралык акынын олчому тараптардын бирге макулдашуусу боюнча түзүлүшү мүмкүн, бирок, ижара беруучу тарабынан белгиленген минималдуу ижара акысынан томон болбошу керек.

46. Ижара объектисин кийин сатып алуу укугу менен ижарага беруу учун менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы ыйгарым укуктуу органдын бухгалтери тарабынан эсептелип чыгып, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине сунушталат жана ал тарабынан туура эсептелгендиги текшерилген сон тиешелуу тартипте ижара объектисинин буткул сатып алуу баасы аныкталат.

47. Ижарага беруу келишиминин моонотунун ичинде жемооноту аяктагандан кийин ижарага алуучу келишимде шартталган менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасын толук тологон шартта менчиктештируу объектиси ижарага алуучунун менчигине ото тургандыгы келишимде каралат. Бул учурда тараптар ижара объектисин пайдаланылгандыгы учун мурда толонгон ижара акыны менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасына кошууга укуктуу.

48. Ижара акынын олчому тууралуу мыйзам тарабынан озгортулгон учурда, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир тараптуу тартипте озгортулот.

Жогоруда аталган мыйзамга озгортуу жонундомыйзам кучуно кирген кундон тартып, он беш кундон кечиктирилбей ижаралык акыны кайрадан эсептеп чыгаруу керектиги жонундо билдирүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижарага алуучуга жонотулот. Ижаралык акынын жаны олчому ижаралык акынын олчомунун озгорушу жонундо ижаралык келишимге карата тараптардын кошумча макулдашуусуна кол коюлгандан кийин кучуно кирет.

Ижаралык акынын олчомунун озгорушу менен ижарага алуучу макул болбосо, ал же ижарага беруучу ижара келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартуу процессин демилгелоого укуктуу.

49. Ижара келишиминин мооноту аяктагандан кийин ижарага алуучу менчиктештируу объектисинсатып алуудан баш тартып, бирок ижара объектисин колдонууну улантса, ал ижара объектисин пайдаланган убакыт учун жана муниципалдык мулкту ижарага берүүчүнүн ээлигине жана пайдалануусуна иш жузундо кайтарылган мезгилге чейин ижаралык акыны толоого милдеттуу.

 6. Муниципалдык менчиктеги мулкту откоруп беруу

50. Ижарага берүүчү тарабынан ижара объектисин откоруп берүү жана аны ижарага алуучу тарабынан кабыл алуу, тараптар тарабынан тузуло турган кабыл алуу-откоруу актысы боюнча жургузулот.

51. Ижара объектисин откоруп берууго даярдоо, анын ичинде кабыл алуу-откоруу актысын тузуу жана кол коюуга беруу ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат, эгерде ижара келишиминде башкасы каралбаса, анын эсебинен жургузулот.

52. Акт ижарага беруучунун жана ижарага алуучунун ыйгарым укуктуу окулдорунун катышуусунда тузулот.

Акт томонкулорду камтышы керек:

- акттын тузулгон жерин жана датасын;

- ижара келишиминин реквизиттерин, ага ылайык ижара объектисин кабыл алуу-откоруу жургузулот;

- откорулуп бериле турган ижара объектисинин техникалык абалын сыпаттап жазуу;

- табылган бузулууларын жана кемчиликтерин жоюунун мооноттору жана тартиби.

53. Актыга тараптардын окулдору тарабынан кол коюлат жана моорлор менен куболондурулот. Келишимдин колдонулушу токтотулган учурда да ижарага алынган объектини кабыл алуу-откоруу актысы тузулот.

Келишимди токтотуу учурунда ижарага алуучу ижара объектисин, алардын эскируусун же келишимде шартталган абалын эске алуу менен ал аны кандай абалда кабыл алса, ошондой абалда ижарага беруучуго откоруп бериши керек.

8. Ижара келишими боюнча тараптардын жоопкерчиликтери

54. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жоопкерчилик тартышат.

55. Ушул Жобонун шарттарын бузгандыгы үчүн ижарага алуучу менен ижарага беруучу жекече турдо жоопкерчилик тартат.

56. Ижара келишими боюнча озунун милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган куноолуу тарап башка тарапка келтирилген материалдык зыянды жана башка бардык чыгымдарды калыбына келтирууго милдеттуу.

Тартиптик, администрациялык жана кылмыштуулук боюнча жоопкерчиликке тартуу куноолуу жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

57. Ижара келишимин тузуудон атайлап четтоо жана ижара объектисин ижарага откоруудон келип тушкон кирешелер жаап-жашырылган учурда, ижарага беруучунун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

 

 

  

Муниципалдык менчиктеги айыл

чарба техникаларынкийин сатып алуу

укугу менен ижарага беруужолу

мененменчиктештируу жонундо Жобонун 1-

тиркемеси

(ыйгарым укуктуу органдын

бухгалтерининаты-жөнү, колу, күнү)

__________________________

20__-ж. "__" ____________

 

 

Муниципалдык менчиктеги ижара объектисинижарага берүү

келишимин тузуу укугун конкурска коюу жонундо

АРЫЗ

 

 

 

 

Муниципалдыкменчиктеги ижара объектисин башкаруу чойросундогу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине

Кимден:

__________________________

Ыйгарым укуктуу органдын

бухгалтери Ф.И.О

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин ижарага берүү келишимин тузуу укугуна ___________________________________________ ( айыл чарба техникаларын аталышы жана муноздомосу)

(жалпы саны) боюнча конкурс откоруунуотунобуз.

Муниципалдык мүлктүн максаттуу багыты ___________________________________________________

Сунушталган ижаранын мөөнөтү: _________________________________________________________

Муниципалдык мүлктү конкурс аркылуу ижарага берүү зарылдыгынын негизи: ___________________________________

Тиркеме:

1) ижара акысынын баштапкы олчомунун эсеби;

2) менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы;

3) муниципалдык мулктун техникалык паспортунун жана башка техникалык документтеринин кочурмосу;

3) конкурска катышуучуларга талаптар жана конкурстун шарттары.

 

 

 

 

Арыз ээси: (колу)

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги айыл

чарба техникаларынкийин сатып алуу

укугу менен ижарага беруу жолу менен

менчиктештируу жонундо Жобонун 2-

тиркемеси

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин ижарага берүү

келишимин тузуу укугуна карата конкурска катышууга

БИЛДИРҮҮ

 

Билдируучу:

Жеке жактар үчүн:

Мен ________________________________________________________________________________________________(аты-жону), _________________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документтин туру, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген), _____________________________________________________ (шаар, айыл, көчө, үйдүн жана квартиранын №) дареги боюнча жашайм, ____________________________________________________________________ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жонундо куболуктун реквизиттери же патенти)

Юридикалык жактар учун

Мен ______________________________________________________________________ (аты-жонү), _____________________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документтин туру, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген), ______________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы, дареги жана банктык реквизиттери), ________________________________________________________________ атынан, __________________________________________________ (ишеним каттын реквизиттери) ишеним каттын негизинде иштоо менен томонкулорду билдирем:

Муниципалдыкменчиктеги ижара объектисин_____________________________________________________ (ижара объектисинин аталышы,жайгашкан орду) __________________________________________________ (конкурс отулуучу жер жана убактысы) күну отуучу кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү келишимин тузуу укугуна конкурска катышуу ниети тууралуу билдирем.

Корсотулгон мулкту томонку багыттарга пайдалануу сунушталат:

_________________________________________________________________

(пайдалануу максаты)

Ушул ниеттерге ылайык ________________________ сом олчомундо шертпул толонду.

Эгерде, ушул тооруктан женип чыксам, томонкулорго милдеттенем:

- конкурстун жыйынтыктары, жонундо протоколго кол коюуга;

- конкурстун протоколу тузулгондон кийин 10 кундон кечикпеген моонотто муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимине кол коюуга.

Бул билдирууго томонкулор тиркелет:

1. Жеке жактар үчүн - ким экендигин куболонгон документтин кочурмосу (түп нускасы арыз беруудо корсотулот).

Жеке ишкерлер үчүн - жеке жактын ишкердик менен алектенген ишин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жонундогу куболуктун же патенттин кочурмосу; ким экендигин куболонгон документтин кочурмосу билдирууну беруудо корсотулот.

Юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жонундо куболуктун жана юридикалык жактын атынан чыгып жана тиешелүү бутумдорду жасоого ыйгарым укук берилген окулунун атына берилген ишеним каттын нотариалдык куболонгон кочурмосу, ошондой эле окулдун озун кубологон документинин кочурмосу (түп нускасын билдирүү беруудо озу корсотот).

2. Шертпул берилгендигин тастыктаган толом документтеринин кочурмосу.

Эгерде, мен (биз) тооруктун женуучусу болуп таанылсам(к) жана тооруктун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюудан же ижара келишимин тузуудон баш тартсам(к), мен (биз) тараптан берилген шертпулдун суммасы кайтарылып берилбестигине жана ыйгарым укуктуу органда кала тургандыгына макулмун (макулбуз).

Билдирүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу _______________________________

20__-жылдын "__" _____________

Кабыл алынды:

________________________________________________________________________

(аты-жөнү, кызматкердин кызмат орду, кабыл алган дата)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги

айыл чарба техникаларынкийин

сатып алуу укугу менен

ижарага беруу жолу менен

менчиктештируу жонундо

Жобонун 3-тиркемеси

 

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин кийин сатып алуу

укугу менен ижарага берүү келишимин түзүү конкурска

катышуучулардын

 

ВЕДОМОСТУ

Ижара жана менчиктештируу объектисинин аталышы _________________________________________________________________

 

Каттоо №

Конкурстун катышуучусунун тактачасынын №

Катышуучу - юридикалык жактын аталышы

Юридикалык жак - катышуучунун ыйгарым укуктуу окулунун аты-жону

Жеке жак - катышуучунун аты-жонү

Ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген куну жана жери

Юридикалык жактар үчүн: мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жонундо куболугунүн номери жана куну, каттоого алган органдын аталышы

Жеке ишкерлер учүн: ишкердик иш-аракеттер менен алектенген жеке жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жонундогү куболуктун же патенттин реквизиттери

Шертпулду кайтаруу учун банктын реквизиттери жана эсептик номери

Колу

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__-ж. "__" ____________

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги

айыл чарба техникаларын

кийин сатып алуу укугу менен

ижарага беруу жолу менен

менчиктештируу жонундо

Жобонун 4-тиркемеси

 

 

 

 

 

Муниципалдык менчиктеги ижара объектисин ижарага

берүү келишимин түзүү укугуна конкурстун

жыйынтыгынын ПРОТОКОЛУ

 

20__-жылдын "__" _____________ № _____

Тоорук отту:

Откон жери: _____________________________________________________________

Откон куну: ______________________________________________________________

Комиссиянын курамы:

Торага: __________________________________________________________________

Комиссия мучолору:

______________________________________________________

 

______________________________________________________

 

______________________________________________________

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Конкурстун жыйынтыгы

Ижара объектисинин аталышы _____________________________________________________________________

Конкурстун шарттары _____________________________________________________________________

_____________________________________________________________________

_____________________________________________________________________

______________________________________________________________________

 

№

Аты-жону (катышуучунун аталышы)

Конкурстук сунуштар

Ижара акысы жана менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасы жана толоп бутуруу мооноттору боюнча сунуштар

Конкурстук сунуштардын шайкештигин баалоо жыйынтыктары

 

 

 

 

 

 Тоорукту откоруу жыйынтыгында _________________________ (муниципалдык менчиктеги мүлктүн аталышы) эн жакшы конкурстук сунуш жана ижара келишимин тузуу укугуна конкурстун женуучусу деп,

жеке жактар учун:

_________________________________________________________________

(аты-жону, озун кубологон документ (түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)

жеке ишкерлер үчүн:

_________________________________________________________________

(ишкердик менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жонундогукуболуктун реквизиттери же патенти)

юридикалык жактар үчүн____________________________________ (юридикалык жактын аталышы)

_________________________________________________________________

(аты-жону, юридикалык жактын окулун кубологон документ ( түрү, сериясы, номери, берилген куну жана жери)

Колдору:

Торага:

_______________________________________________

Комиссия мучолору:

_______________________________________________

Конкурстун женуучусу:

_______________________________________________

 

Эскертуу:

1. Протокол тараптардын ар бирине бирден (комиссия жана соода-сатыктын женуучусу) эки нускада түзүлөт.

2. Конкурс процессинде тооруктун шарттарын озгортуудо бул жонундогу маалымат конкурстун жыйынтыгы жонундо протоколдо чагылдырылышы керек.

 

 

 

  

 

Муниципалдык менчиктеги

айыл чарба техникаларын

кийин сатып алуу укугу менен

ижарага беруужолу менен

менчиктештируу жонундо

Жобонун 5-тиркемеси

 

 

 

Муниципалдыкменчиктегиижара жана менчиктештируу объектисин

кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүүнүн

ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

 

Муниципалдык менчиктеги мүлктү ижарага берүү жөнүндө

№ _____ КЕЛИШИМ

 

___________ ш. "__" _________ 20__-ж.

 

______________________________________________________ (ыйгарым укуктуу орган) ________________________________________________ (аты-жону, жетекчинин кызмат орду) атынан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, ___________________________________________ негизинде аракеттенуучу ___________________________________ жана экинчи тараптан, мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталуучу ____________________________________________________ (жеке жактын аты-жону/юридикалык жактын аталышы, келишим тузууго ыйгарым укук берилген окулдун аты-жону, ишеним каттын реквизиттери) ортосунда томонкулор жонундо ушул Келишим тузулду:

1. Жалпы шарттар

1. Ижарага берүүчү муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникасын, тактап айтканда “___”________________19___-жылдагы ондуруштон чыккан улгудогу Комбайнды жана “___”________________19___-жылдагы ондуруштон чыккан улгудогу Жатканы жазгы жана кузгу айдап себуу убагында айыл элине сапаттуу жана оз убагында кызмат корсотуу максатында кийин сатып алуу укугу менен убактылуу пайдалануу жана ээлик кылуу учун ижарага берет, ал эми ижарага алуучу ижарага алат.

2. Ижара мооноту 20__-ж. "__" __________ тартып 20__-ж. "__" ________ чейин белгиленет.

3. Ижара мооноту буткондон тартып келишим жоюлган болуп эсептелет. Келишимдин жарактуулук моонотунун бутушу тараптардын Келишим боюнча милдеттенмелеринин токтотулушуна алып келет.

4. Ижарага беруу келишиминин моонотунун ичинде жемооноту аяктагандан кийин ижарага алуучу келишимде шартталган менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасын толук тологон шартта ижарага алынган муниципалдык менчиктеги айыл чарба техникасын (комбайн жана жатка) ижарага алуучунун менчигине отот. Бул учурда тараптар ижарага берилген мулкту пайдаланылгандыгы учун мурда толонгон ижара акыны менчиктештируу объектисинин буткул сатып алуу баасына кошууга укуктуу.

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

4. Ижарага берүүчү томонкудой укуктарга ээ:

- Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын алууга;

- конкурстун жыйынтыгы боюнча Ижарага алуучу алган келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана текшерүүнү ишке ашырууга;

- Ижара алуучунун муниципалдыкменчиктеги мулктун начарлашынан улам болгон чыгымдардын ордун толтурууну Ижара алуучудан талап кылууга.

5. Ижарага алуучу томонкулорго укуктуу:

- ижарага алынган муниципалдык менчиктеги мулкту ушул Келишимдин 1-пунктунда корсотулгон максаттарга жана шарттарга гана ылайык жургузууго;

- откоруп берүү-кабыл алуу актысына кол коюлгандан кийин ижарага алынган муниципалдык мулкту пайдаланууга киришууго.

6. Ижарага берүүчү томонкулорго милдеттуу:

- муниципалдык менчиктеги мүлктү Ижарага алуучуга ушул Келишимдин шарттарына ылайык абалда берууго;

- ушул Келишим макулдашылгандан кийин муниципалдыкмулкту 10 кундун ичинде Ижарага алуучуга откоруу-кабыл алуу актысы боюнча откоруп берууго;

- эгерде мыйзамдарга жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе Ижара алуучунун чарбалык ишине кийлигишпоого, анын муниципалдык мениктеги мүлктү пайдаланышына тоскоолдук кылбоого;

- Ижарада турган муниципалдык мулктун абалын контролдоону ишке ашырууга;

- Келишимди бузууда муниципалдык менчиктеги мүлктү Ижарага алуучунун кайтарып берүүсү боюнча керектүү чараларды корууго;

-келишимдин моонотунун ичинде же мооноту аяктаганда Ижарага алуучу тарабынан муниципалдык менчиктеги мулктун буткул сатып алуу баасын тологон учурда Ижара алуучунун менчигине откоруп берууго;

- Келишимди моонотунон мурда бузуу жонундо Ижарага алуучуга оз убагында билдирууго.

7. Ижарага алуучу томонкулорго милдеттуу:

- муниципалдык менчиктегимүлктү ушул Келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга алууга;

- ижарага алынган мүлктү ушул Келишимдин 1-пунктунда корсотулгон максаттардагы багыты боюнча гана пайдаланууга;

-ижарага алуучу аялынын (жолдошунун) макулдугун алууга.

- ижарага алынган мүлктү Ижарага беруучуго кайра откоруп берген учурга чейин Ижарага алуучу муниципалдык менчиктеги мүлктү он абалда кармоого, оз эсебинен учурдагы ондоолорду жургузууго жана мүлктү кутуу боюнча чыгымдарды тартууга милдеттүү.

 - Ижарага беруучунун кат жузундогу уруксатысыз ижарага алынган муниципалдыкмүлккө эч кандай капиталдыкозгортуулорду жургузбоого;

- ижара акысын ар бир айдын 5-кунуно чейин толоого, ошондой эле тиешелүү эксплуатациялык чыгымдарды толоого;

- салык мыйзамдарында аныкталган учурларда мүлк салыгын толоого;

- Ижарага берүүчүнүн ижарага берилген объектини кароосун белгиленген тартипте камсыздоого, анын корсотмолорун моонотундо аткарууга;

- ижарага алынган мулкко тиешелуу эрежелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү кеңештин оруп-жыйноо жана чөп чабуунун тарифтери боюнча кабыл алынган чечимдерин жана мамлекеттик козомолдоо органдарынын буйруктарын аткарууга, техникалык пайдалануу, техникалык коопсуздук, орт коопсуздук эрежелерин сактоого жана аларды аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартууга;

- озунун чарбалык ишинин натыйжасында ижарага алынган мулктун абалынын начарланышына байланыштуу ижара беруучуго келтирилген чыгымдарды толук толоп берууго;

- ижараны кайра ижарага бербоого, ижарага алынган мулкту куроого койбоого же башкача турдо оордотпоого;

- Ижара берүүчүнүн талабы боюнча, ижара объектисин пайдаланууга тийиштуу керектуу маалыматтарды берууго;

- уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан орду жана почта дареги (юридикалык жактар учун), жашаган жери боюнча каттоосу (жеке жактар жана жеке ишкерлер учун), банктык реквизиттер озгорсо 10 кундун ичинде корсотулгон озгоруулор тууралуу Ижарага беруучуго кат жузундо билдирууго;

-Келишимдин моонотунун ичинде же келишимдин мооноту аяктаганда ижарага алуучу муниципалдык мулкту сатып алууну кааласа, анда келишимде корсотулгон мулктун буткул сатуу баасын ижарага беруучуго толук толоп берууго милдеттуу;

- Келишимдин мооноту аяктаганда, ижарага алуучу муниципалдык менчиктеги мулкту сатып алууну каалабаса, анда ал муниципалдык менчиктегимүлктү Ижарага беруучуго алардын эскируусун же келишимде шартталган абалын эске алуу менен ал аны кандай абалда кабыл алса, ошондой абалда ижарага беруучуго откоруп берууго милдеттуу.

-

3. Келишим боюнча толомдор жана эсеп-кысаптар

8. Муниципалдыкменчиктеги мулктун ижара акысынын олчому айына _______ сомду тузот.

9. Муниципалдык менчиктеги мулктун буткул сатып алуу баасы_____________сомду тузот.

10. Ижара акысын оз убагында толобосо Ижарага алуучу кечиктирилген ар бир кун учун жалпы карыздын суммасынын 0,2 пайызы олчомундо туум айыптарды толойт.

11. Ижарага беруу келишиминин моонотунун ичинде жемооноту аяктагандан кийин ижарага алуучу келишимдин 9-пунктунда шартталган буткул сатып алуу баасын толук тологон шартта ижара объектиси ижарага алуучунун менчигине отот. Бул учурда тараптар ижара объектисин пайдаланылгандыгы учун мурда толонгон ижара акыны буткул сатып алуу баасына кошууга укуктуу.

12. Муниципалдык менчиктеги мулкту Ижарага алуучунун менчигине откоруп беруудо тараптар эки тараптуу откоруп беруу актысына кол коюшат.

4. Келишимди колдонуу моонотү, аны колдонууну озгортуу жана токтотуу шарттары

13. Ушул Келишим ыйгарым укуктуу органда каттоодон откон учурдан тартып кучуно кирет.

14. Ушул келишимге киргизилуучу бардык толуктоолор жана озгортуулор тараптар тарабынан кошумча макулдашууга кол коюу аркылуу жазуу жузундо жургузулот. Кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан откондон кийин кучуно кирет.

15. Ушул Келишим томонку себептер боюнча кучун жоготот:

- Келишимди колдонуу мооноту аяктагандан кийин, эгерде ошол убакыттын ичинде ижарага алуучу муниципалдык менчиктеги мулктун буткул сатып алуу баасын толоп, оз менчигине откоруп албаса;

- Ижарага беруучу менен Ижарага алуучунун оз ара макулдашуусу боюнча Келишим бузулган учурда;

- тараптардын биринин талабы боюнча сот тарабынан Келишим моонотунон эрте бузулган учурда;

- Ижарага алуучу - юридикалык жак жоюлган учурда;

- Ижарага алуучу болгон адам каза болгондо, ал аракетке жондомсуз, аракетке жондомдуулугу чектелген же дайынсыз жоголду деп таанылган учурда.

16. Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча сот тарабынан Ижара келишими моонотунон эрте бузулушу мумкун, эгерде Ижарага алуучу:

- Келишимдин шарттарын же мүлктүн максаттуу пайдаланылышын бузуу менен ижара объектисин пайдаланганда;

- конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай эмес деңгээлде аткарса;

- муницыпалдык мүлктү кайра арендага бергенде;

- Келишим менен белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин эки жолудан ашуун катары менен ижара акысын төлөбөгөндө;

- пайдалануу процессинде ижаралык объектинин техникалык мүнөздөмөсү же функциялык өзгөчөлүктөрү начарласа, же аны оңдоого мүмкүн болбогондой, талкаланышына алып келгендей жабыркаса, аларды жок кылуу үчүн калыбына келтирүү-оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынса;

- Ижарага берүүчүнүн ишине тоскоол болгондо же анын иши Ижарага берүүчү үчүн жагымсыз финансылык, өндүрүштүк жана техникалык кесепеттерге алып келсе.

15. Ижарага алуучунун талабы боюнча сот тарабынан Ижара келишими мөөнөтүнөн эрте бузулат, эгерде ижарага берүүчү:

- Ижарага берүүчү муницыпалдыкмүлктү пайдаланууга бербесе же келишимдин шарттарына жана мүлктүн багытына ылайык ижара объектин пайдалануу үчүн тоскоолдук жаратса;

- Ижарага алуучуга берилген муницыпалдыкмүлк Келишимди түзүү учурунда Ижарага берүүчү тарабынан сүйлөшүлбөгөн, Ижарага алуучуга мурдатан белгисиз болгон жана алар ижаралык объектини кароо же келишимди түзүү учурунда же анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалбаган кемчиликтер аларды пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

- ижарага берүүчү жооп бербей турган жагдайлардан улам муницыпалдыкмүлк пайдалануу үчүн жараксыз абалда болуп калса.

5. Тараптардын жоопкерчилиги

16. Күнөөлүү тарап Келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыктан же талаптагыдай аткарбагандыктан экинчи тарапка келтирилген материалдык зыяндын жана башка бардык чыгымдардын ордун төлөп берүүгө милдеттүү.

17. Ушул Келишимдин талаптарын жана шарттарын түз жана жашыруун түрдө бузган бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми аларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартиптик, материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.

18. Тартиптик, материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун төлөп берүү милдетинен бошотпойт.

 

 6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

19. Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

20. Эгер макулдашууга келишпесе, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.

 

7. Башка шарттар

21. Ыйгарым укуктуу органдын макулдашуусунан өтпөгөн Ижара келишими жараксыз деп эсептелет.

22. Ушул Келишимге анын ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналган жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюуга тийиш болгон тиркеме (ижара акысынын эсеби) тиркелет.

23. Ушул Келишим жазуу түрүндө түзүлөт, тараптардын колу коюлат жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.

24. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлөт. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда, экинчиси - Ижарага берүүчүдө калат, үчүнчүсү - Ижара алуучуга берилет.

 

Тараптардын юридикалык даректери жана банк маалыматтары:

Ижарага берүүчү

 

Ижарага алуучу

________________________

Колу

 

________________________

Колу

М.О.

 

М.О.