Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын

2024-жылдын 23-апрели № 1

 

Акназаров айыл өкмөтүнүн мекемесинин карамагында муниципалдык

ишкана түзүүгө уруксат берүү жөнүндө

 

Акназаров айыл өкмөтүнүн карамагында муниципалдык ишкананы түзүү жана каттоодон өткөрүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.К.Байдулатовдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги кезектеги 3-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл өкмөтүнүн карамагында муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.

2. Түзүлгөн муниципалдык ишкананы Талас облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Муниципалдык ишкананын уставын, күбөлүгүн, мыйзамдуу иш кагаздарын жана мөөрүн, штампын даярдап берүү жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Муниципалдык ишкананын штаттык курамын бекитип берүү жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Муниципалдык ишканага зарыл уюштуруу-укуктук чендерди иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р. К. Байдулатовго жүктөлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Акназаров айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

К.Жорготаев