Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын
2024-жылдын 23-апрели № 2
Урмарал айылындагы кичи футбол аянтчасына
ысым ыйгаруу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын Урмарал айылынын жашоочуларынын Урмарал айылындагы кичи футбол аянтчасынын бүтүп ишке берилүүгө даяр болуп калгандыгына байланыштуу, кичи футбол аянтчасына Алгазы уулу Кенжебектин ысымын коюуга уруксат берүүнү суранышкан кайрылууларын угуп, талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Урмарал айылынын жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Урмарал айылында жаңы салынган кичи футбол аянтчасы Алгазы уулу Кенжебек атындагы кичи футбол аянтчасы деп аталсын.
3. Маркум Алгазы уулу Кенжебектин үй-бүлөсү жана бир туугандары кичи футбол аянтчасынын иш чараларына жардам көрсөтүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Назаралиевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.Жорготаев |