Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын
2024-жылдын 23-апрели № 3
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Акназаров айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Акназаров айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Акназаров айылдык кеңешинин төрагасына жана Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бакай-Ата райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.Жорготаев |