Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июну №6/1
Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылынын калктуу конуштарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан даярдалган Үч-Коргон айылынын башкы пландарын угуп жана талкуулап Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Үч-Коргон айылынын башкы планы айрым өзгөртүү, толуктоолор менен бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |