Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июну №6/1
Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылындагы “Чаувай-Кен” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 8-майындагы №15 чыгыш катынын негизинде, “Чаувай-Кен” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги тарабынан 25.10.2021-ж берилген 7005 МЕ “Казып иштетүү максатында жер казынасына пайдалануу укугуна” Лицензия жана №1 “Лицензиалык келишим” негизинде убактылуу 31.12.2030-жылга айыл өкмөтүнүн Чаувай айылы “Актерек” участогунан 50,0 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылындагы “Чаувай-Кен” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 8-майындагы №15 сандуу кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. “Чаувай-Кен” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги тарабынан 25.10.2021-ж берилген 7005 МЕ “Казып иштетүү максатында жер казынасына пайдалануу укугуна” Лицензия жана №1 “Лицензиалык келишим” негизинде убактылуу 10 (он) жылга 31.12.2030-жылга чейин айыл өкмөтүнүн Чаувай айылы “Актерек” участогунан ижаралык шартта пайдаланууга 50,0 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Пайдаланууга берилген жер аянттарында санитардык жана экологиялык эрежелерди сактоо менен төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөп туруу жагы эскертилсин.
3. Ижаралык акынын баасы жыл сайын инфляциянын өзгөрүлүшү менен кайрадан каралып турулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |