Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясынын
2024-жылдын 23-апрели № 8
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин
токтомдорун мамлекеттик кызмат жана жергиликтүүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча мамлекеттикагенттиктин расмий веб-сайтына
жайгаштыруу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңеши КР Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинен келген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин расмий веб-сайтына жайгаштыруу Тартибин бекитүү жөнүндө буйрукту жана жобону угуп, талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору элге тааныштыруу үчүн тактамага илинсин, айыл өкмөтүнөн сайт ачылганга чейин токтомдорду Агенттиктин аймактык бащкармалыгынын сайтына каттоого уруксат берилсин.
2. Айылдык кеңештин токтомдорун реквизиттерди сактоо менен тариздеп, веб-сайтка жайгаштыруу үчүн Агенттиктин аймактык бащкармалыгына жөнөтүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Шабдановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Назаралиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Акназаров айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.Жорготаев |