Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын “13” июнундагы № 04-13/203 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин алдындагы
“Кыргыз сорт сыноо станциясы”
Мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин алдындагы “Кыргыз сорт сыноо станциясы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук жана гибриддик үрөндөрүнө, көчөт материалдарына расмий сыноолорду жүргүзүү жаатындагы иштерди жүзөгө ашырат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик), Министрликке караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Устав Ишкананын уюштуруучу документи болуп саналат.
4. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети – Ишкананын мүлкүнүн ээсинин укуктарын жүзөгө ашыруучу Ишкананын уюштуруучусу.
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти саналат, ал тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү, координациялоону жана стратегиялык пландаштырууну жүзөгө ашырат.
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги саналат, ал Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашырат.
4) Аткаруучу орган (жетекчи) – директор. Ишкананын директору Ишкананын учурдагы ишин башкарат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин алдындагы “Кыргыз сорт сыноо станциясы” Мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызская сортоиспытательная станция» при Департаменте по экспертизе сельскохозяйственных культур и садоводства при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
кыскача аталышы:
– мамлекеттик тилде: “КССС” МИ”;
– расмий тилде: «ГП «КСС».
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде чет өлкөлүк валютадагы эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкананын милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү жана жоюу Ишкана тарабынан ишке ашырылат.
Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкана тарабынан бекитилгендердин негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толугу менен жооп берет.
Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Калинина көчөсү, 1а.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн негизги максаттары республиканын фермерлерин жана дыйкандарын ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциянын жаңы жетишкендиктерине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– ушул Уставда белгиленген максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноо жана пайдаланууга уруксат берүү үчүн жаңы сортторду каттоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
– ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциянын жаңы, ошондой эле келечектүү сортторунун жогорку репродукцияларынын үрөндөрүн тездетип көбөйтүү жана аларды өндүрүшкө киргизүүгө активдүү көмөк көрсөтүү;
– генетикалык ресурстар банкынын Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын регенерациялоого активдүү көмөк көрсөтүү.
14. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
– жаңы сортторду жана гибриддерди мамлекеттик сыноо, ооруларга, айыл чарба зыянкечтерине туруштук берүүгө баа берүү жана аларды өндүрүү технологиясынын элементтерин изилдөө;
– ыйгарым укуктуу орган бекиткен методика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өндүрүштүк сыноолорду келишимдик негизде өткөрүүнү уюштуруу;
– жер иштетүүнү жакшыртуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүк деңгээлин жогорулатуу боюнча план иштеп чыгуу;
– өндүрүштүн заманбап технологияларынын жарактуулугун эске алуу менен жаңы сортторду өндүрүү технологияларын пайдалануу максатында, кийинки жылга илимий-өндүрүштүк иштин планын, участокто агротехникалык иш-чаралар системасын каттоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана көрсөтүлгөн материалдарды, ошондой эле мамлекеттик башкаруучу органга илимий отчетторду белгиленген мөөнөттө берүү;
– мелиорациялык иштерди жүргүзүүнүн сапатына, мелиоративдик тармакты күтүүгө жана пайдаланууга контроль жүргүзүү, участоктун эрозияга каршы зарыл иш-чараларын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
– үрөнчүлүктү уюштуруу жана жаңы катталган сортторду өндүрүү боюнча райондук айыл чарба органдарына жана фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү, тажрыйба менен алектенбеген участоктун айдоо аянттарында, дан, буурчак, май өсүмдүктөрүнүн, чөптөрдүн, картошканын жаңы сортторунун жогорку репродукцияларынын үрөндөрүн тездетүүнү уюштурат.
– белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт, отчет түзөт жана тиешелүү органдарга белгиленген мөөнөттө берет;
– айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү;
– максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган, иштин башка түрлөрүн аткаруу.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
15. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
– керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
– рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
– кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
– өз функцияларын аткаруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
– обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
– максаттарга, милдеттерге жана функцияларга ылайык, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, юридикалык жактар менен, ошондой эле жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте эмгек келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуш аткарууга жеке адамдарды тартууга;
– Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жөнөтүүгө;
– белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
– зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон учурда белгиленген тартипте Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды, (өкүлчүлүктөрдү), Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
– келишимдик негизде, менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүүгө;
– айыл чарба субъекттерине акы төлөнүүчү механизациялаштырылган агротехникалык кызматтарды көрсөтүүгө;
– Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыздоо үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
16. Ушул Уставда аныкталган өз максаттарына жетүү, милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
– алар үчүн Ишкана жумуштарды аткарып жана кызматтарды көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттерди так аткарууга;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
– Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыздоого;
– ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын финансылык-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иштерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
– өндүрүштүк ишти жана Ишкананын чарбалык колдонуусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдаланууну натыйжалуу башкарууга жана андан пайда алууга;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
17. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
18. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Ишкананын Уставын иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
– Ишкананы кайра түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
– Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
– Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
– Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
– Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
– Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына көрсөтүү үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо;
– Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
– республиканын ар бир региону үчүн өзүнчө рыноктук баалардын чегинде жумуштардын түрлөрү боюнча машина-трактордук станциялар көрсөтүүчү акы төлөнүүчү механизацияланган кызматтардын бааларын изилдөө жана бекитүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
19. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
– Ишканага тейлөөчү иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
– Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
– анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүүгө;
– аткаруучу органдын отчётторун угууга;
– Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, тартиптик жаза чарасын көрүү жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тескөөчү иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга дагы ээ болот.
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
– Ишкананын ишмердүүлүгү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
– ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
– коммерциялык же башка мыйзам менен корголгон сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тескөөчү иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди дагы аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) жылдык бюджетти, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке чегерүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча Ишкананын жетекчисинин орун басарларын кызматка дайындоо жана ээлеген кызматтан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн арналышы боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Ишкананын жетекчисинин орун басарларын ээлеген кызматынан бошотууга, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга;
4) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) жоопкерчиликтүү кызматкерлерге текшерүү жүргүзүүгө жана Ишканага таандык мүлктүн арналышы боюнча натыйжалуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Ишкананын аймагына келүүгө ыйгарым укук берүүгө.
6-глава. Ишкананын аткаруучу органы
23. Ишкананын ишин мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык талапкерлердин ичинен Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу директор жетектейт.
24. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
25. Кыргыз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
– ишине канааттандыраарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётту кароонун жыйынтыктары боюнча;
– Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
– эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбай койсо же талаптагыдай эмес аткарса;
– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттерде;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
– Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Ишкананын келерки жылга бюджет долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүүгө киргизүү;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга республикалык бюджетке чегерүүгө жаткан Ишкананын таза кирешесинин бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүүгө киргизүү;
– Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүү стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
– тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерди аткарышын уюштуруу;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашып, Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
– эмгек акы төлөө фондун кошуу менен кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын бекитүү;
– кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
– Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
– бухгалтердик жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштуруу;
– Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
– мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
– Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын Уставына жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
– Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте керектүү маалыматты сурап алууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
29. Ишкананын Директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчётторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишти жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
– мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди кароого киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын ишинин кандайдыр бир чөйрөсү менен байланышкан, аларга керектүү болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
– Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
– ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылары тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
– Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыры болуп саналган ишмердиги жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тескөөчү иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган башка милдеттерди дагы аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
– Ишкананын атынан ишеним каты жок эле аракеттенет;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
– Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана иштен бошотот;
– Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонот;
– компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
– Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
– финансылык (бухгалтердик) отчёттуулук абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө техникалык коопсуздукту сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызматка дайындалат жана ээлеген кызматтан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жаңы адам дайындалганга чейин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басарына жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген укуктарды пайдаланат жана жоопкерчилик тартат.
Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын ички аудитти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы төлөө тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
7-глава. Ишкананын жетекчилигинин курамы
40. Ишкананын жетектчилигинин курамына төмөнкүлөр кирет:
– директор;
– директордун орун басары;
– башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчилигинин курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттениши керек.
Жетекчиликтин курамына кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетекчилигинин курамына кире албайт:
– чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
– жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштарды, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, анын ичинде соттолгондугу жоюлган адамдар;
– канааттандырбаган иши үчүн мурда уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан бошотулган адамдар;
– мурда менчик түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте жетектөөчү кызмат ордун ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;
– мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилигинин курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
8-глава. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук
43. Ишкана өз ишин мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган иштин жылдык планынын же 3 жылга жана андан узак мөөнөттүк иш планынын негизинде жүргүзөт.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарага алуучулар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салган узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына карама-каршы келбеген келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерин, чарбалык өз ара мамилелердин башка шарттарын аныктоодо эркин.
46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
47. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду төмөнкүлөргө тапшырат:
– ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде ушундай кызмат болсо);
– Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
48. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
49. Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
– Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
– тармактын жана рыноктун сүрөттөлүшүн, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
– Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
– Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
– товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөр) өндүрүү планын;
– уюштуруу планды;
– финансылык планды;
– тобокелдиктерди талдоону.
50. Ишкананын директору жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётторду киргизет.
51. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн керектүү маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
52. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчётту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин текшерүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.
9-глава. Ишкананын мүлктөрү жана финансылары
54. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугунда негизделген жана өзүнө бекитилип берилген мүлккө менчик ээсинин укугу берилген эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объектилерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык башкаруу укугу саналат.
55. Ишкананын мүлкүн негизгин фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
– Ишканага чарбалык башкаруу укугунда бекитип берилген мүлк;
– ичине кирешелерди кошкондо, бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү колдонуунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк;
– чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
– гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
– юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
57. Ишкананын өзүнүн финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун жүзөгө ашырат.
58. Ишкананы мүлкүнөн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
59. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
60. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын эсептешүү эсебине которулат, ал эми таза пайданын бир бөлүгүнүн 50 пайыздан кем эмес бекитилген өлчөмү андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберилет.
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
61. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кошуу, бириктирүү, бөлүү, чыгаруу же кайра түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
62. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра уюштурулушу мүмкүн.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүз пайыз акциялары (үлүшү) мамлекеттик менчикте (акционерлештирүү) болгон ачык акционердик коомго же жоопкерчилиги чектелген коомго кайра уюштурулушу мүмкүн.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом, анын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен курамына жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгондо башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарбалык иш жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
66. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.