ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезектүү сессиясы
2023-жылдын 8-августу № 5/1
Жерге-Тал айыл аймагындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин жана бала бакчалардын ремонттук иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жалпы элдин атынын жана «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө 2020-жылдын 29-сентябрында түзүлгөн негизги келишимдин 2022-жылдын 18-июлундагы келишимдин толуктоосунун 3.пунктусуна ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин жана бала бакча имараттарын ремонттоо иштерине Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жалпы элдин атынын жана «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө 2020-жылдын 29-сентябрында түзүлгөн негизги келишимдин 2022-жылдын 18-июлундагы киргизилген толуктоосунун 3.пунктусуна ылайык, 2022-жылга карата берилүүчү социалдык жардамдын эсебинен 299110,0 (эки жүз токсон тогуз миң жүз он) сом акча каражаты каралсын.
2. М.Иманалиев атындагы орто мектебинин жана бала бакча имараттарын ремонттоо иштерине «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коому мектеп диреторуна, бала бакча жетекчилерине түз көторүү жолу менен жеке эсептик счетторуна төмөндөгү акча каражаттарын которуп берүү жагы тапшырылсын;
- «Р.Өмүракунова» атындагы бала бакчасына – 60470,0 (алтымыш миң төрт жүз жетимиш) сом.
- «Ак-Тилек-Тогуз-Булак» атындагы бала бакчасына – 53650,0 (элүү үч миң алты жүз элүү) сом.
- «Жаңы тилек-Чагалдак» атындагы бала бакчасына – 39200,0 (отуз тогуз миң эки жүз) сом.
- «Жалгыз-Терек Жоогазындары» атындагы бала бакчасына – 45790,0 (кырк беш миң жети жүз токсон) сом.
- «Шорукова Какен» атындагы бала бакчасына – 50000,0 (элүү миң) сом.
- М.Иманалиев атындагы орто мектебине – 50000,0 (элүү миң) сом.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле өздүк эсептик счеттор, документтердин аныктыгы ырасталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдырасуловага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
Төрага | Шаарбек у Б |