Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июну № 23
Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан жалпы 10,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект жана өндүрүш тармагы) категориясына которууга (трансформациялоого) жана аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145-мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 17-беренелерине негиз, Социалдык шаар курууга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жарым жетим балдарды, жалгыз бой энелерди турак жай менен камсыз кылууга Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан жалпы 10,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект жана өндүрүш тармагы) категориясына которууга (трансформациялоого) жана аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 31.05.2024-жылдагы №01-05/229 чыгышталган сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык шаар курууга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жарым жетим балдарды, жалгыз бой энелерди турак жай менен камсыз кылууга Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабынан жалпы 10,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” (социалдык объект жана өндүрүш тармагы) категориясына которууга (трансформациялоого) жана аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. П. Машрапов