Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июну № 24
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу эски төрөт үйүнүн жанындагы 0,06 га жер аянтын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.06.2024-жылдагы №01-05/120 чыгышталган сунушун жана туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы эски төрөт үйүнүн жанында жайгашкан 0,06 га жер аянтын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. П. Машрапов