МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы
2024-жылдын 4-июну № 28
Оор операция кылдырууга муктаж жарандарга, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду эсебинен 100 000 (жүз мин) сом акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз Кыштак айылындагы аз камсыз болгон, чет элде оор операция кылдырууга муктаж жарандар үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду эсебинен 100 000 (жүз мин) сом акчалай көмөк көрсөтүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз Кыштак айылындагы аз камсыз болгон, чет элде оор операция кылдырууга муктаж жарандар үчүн Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду эсебинен 100 000 (жүз мин) сом акчалай көмөк көрсөтүлсүн.
- Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.