Редакцияот 14.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

2023-жылдын 14-августу № 6/3

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына региондорду өнүктүрүү фонду аркылуу Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркына өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркын региондорду өнүктүрүү фонду долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркын региондорду өнүктүрүү фонду долбоорунун жалпы суммасынын 20% (382 692,0 сом) өздүк салым акча каражаты каралсын.

2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;

3111-382 692,0 (үч жүз сексен эки миң алты жүз токсон эки) сом

3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

 

                                  

Төрага

Шаарбек у Б.