Редакцияот 18.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы

кезектеги XXXV сессиясынын

 

2024-жылдын 18-июну № 244/35-8

 

Европа Реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан Талас шаарынын суу инфратүзүмдөрүнүн инженердик-техникалык түйүндөрүн жакшыртуунун 2-фазасы долбооруна макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 11.06.2024-жылдагы №01-19/1590 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Европа Реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан Талас шаарынын суу инфратүзүмдөрүнүн инженердик-техникалык түйүндөрүн жакшыртуунун 2-фазасы долбооруна макулдук берилсин.

 

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков