Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылдын 18-июну № 245/35-8
Төраганын орун басары Тургунбеков Насыр Токторович жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 7-бөлүмүнүн 7.3 пунктуна ылайык, карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төраганын орун басары бош кызмат ордуна Төраганын сунушу менен “Асыл Мурас Жаштар” фракциясынан депутат Н.Тургунбеков шайлансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Джаныбеков |