Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылдын 18-июну № 246/35-8
Талас шаарындагы жаш өспүрүм балдардын спорттук мектептеринин ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмү, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы, Талас шаардык дене-тарбия жана спорт секторунун 08.04.2024-жылдагы №01-6-18, Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 02.04.2024-жылдагы №01-4/19, Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин 04.04.2024-жылдагы №01-5/14 жана Талас шаардык футбол боюнча жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин 05.04.2024-жылдагы №01-6-19 сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык дене-тарбия жана спорт секторунун (Э.Чоноралиев),Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорт мектебинин (Т.Сүйүналиев), Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин (Т.Сейтказиев) жана Талас шаардык футбол боюнча жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин (А.Элүүбаев) жалпы чарбалык жана спорт тармагындагы ишмердүүлүгү “канаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча”туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Тургунбеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |