Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылдын 18-июну № 249/35-8
Талас шаардык кенешинин 09.02.2024-жылдагы №228/32-8 сандуу “2023-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө” токтомунун 4-пунктчасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Талас шаарынын мэриясынын 29.04.2024-жылдагы №01-19/1141 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин “2023-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө” 09.02.2024-жылдагы №228/32-8 сандуу токтомунун 4-пунктчасына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторунун классында видеокөзөмөл орнотуу кызматы 3112 беренесинде болгондуктан, “Талас шаарына видеокөзөмөл орнотууга 3111 беренесине бөлүнгөн 5 000 000 сом акча каражаты” 3112 беренесине жылдырылып каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |