Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылдын 18-июну № 251/35-8
“Талас шаарында алдыңкы спортсмендерди жана машыктыруучуларды сыйлоо боюнча” Жобосунун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун 13.06.2024-жылдагы №01-6-31 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаарында алдыңкы спортсмендерди жана машыктыруучуларды сыйлоо боюнча” жобонун жаңы редакциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 27.12.2022-жылдагы №39/19-8 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Акчалай сыйлыктар үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты Талас шаардык дене-тарбия жана спорт сектору аркылуу каржылансын.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
Талас шаарынын алдынкы спортчуларын жана машыктыруучуларын
сыйлоо боюнча жобосунун жаңы долбоору
I. Жалпы Жобо
1. Бул Жобо олимпиада оюндарына кирген спорттун түрлөрү боюнча жаш курактар боюнча дүйнө чемпионаты, азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгон спортсмендерди жана окутуп тарбиялаган машыктыруучуларын бир жолу акчалай сыйлоонун өлчөмүн, дайындоонун жана төлөөнүн тартибин аныктайт.
2. Акчалай сыйлыктар Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
3. Акчалай сыйлыктар менен Талас шаарынын спортсмендери жана машыктыруучулары сыйланат.
II. Акчалай сыйлыктардын өлчөмү жана төлөө тартиби
1. Акчалай сыйлыктардын өлчөмү төмөнкү таблицада календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун бюджеттик каржылоосунун чегинде белгиленет жана алдынкы спортчуларга, машыктыруучуларга бир жолу төлөнүп берилет. Машыктыруучуга көрсөтүлгөн акчалай сыйлыктын суммасынан 30% төлөнөт. Акчалай байгелер спорттун олимпиядалык түрлөрүнө кирген гана спорт боюнча берилет:
№ | Мелдештин аталышы | Ээлеген орду | ||
I орун | II орун | III орун | ||
1 | Дүйнө чемпионаты
-улуулар арасында
-жаштар жана өспүрүмдөр арасында |
250000сом
200000сом |
200000сом
150000сом |
150000сом
130000сом |
2 | Азия чемпионаты
-улуулар арасында
-жаштар жана өспүрүмдөр арасында |
200000сом
150000сом |
150000сом
130000сом |
130000сом
100000сом |
2. Акчалай байгени төлөө ушул жобонун 2-главасына ылайык Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун, жергиликтүү бийликтин жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин мүчөлөрүнөн турган комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.
III. Жеңүүчүлөрдү аныктоо
1. Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн көрсөтүлүүчү документтер:
- машыктыруучунун рапорту;
-мелдештин протоколу көчүрмөсү;
-Талас шаарындагы спорт мектебинде машыккандыгы тууралуу спорт мектеби тарабынан берилген тактамасы;
-Талас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тактамасы;
-Жеңүүчү Талас шаарынын курама-командасынын мүчөсү болуусу шарт;
-Машыктыруучу Талас шаарына караштуу спорт мектептеринде же шаардык спорт федеацияларында (аталган спорттун түрү боюнча) иштөөсү зарыл;
-Паспорттун көчүрмөсү;
-Акча которуу үчүн карталык эсеби;
2. Акчалай байге берилбейт, эгерде:
- курама командадан четтетилгенде, мыйзамга каршы дары-дармектеди колдонгондо (допинг), жалган докуметтерди колдонгондо, Эл аралык мелдештерде башка мамлекеттин атынан чыкканда.
IV. Комиссиянын курамы жана тартиптери.
1. Сыйлоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
-Талас шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри
-Талас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы (макулдугу менен)
-Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы
-Сыйлануучу жактардын, спорт мектептеринин (спорт федерациясынын) жетекчиси.
2. Сыйлоо боюнча комиссиянын отуруму,комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет. Комиссиянын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
3. Сыйлоо бардык олимпиядалык спорттун түрлөрү боюнча жыл жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.
Талас шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы |
| Э.Чоноралиев |