КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-ноябры № 1647-VII
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине эмгек акы төлөө фондунун каражаттарын пайдалангандыгын, ошондой эле жолдомолорду сатып алуу тартибин контролдоо боюнча тышкы көз карандысыз органды аныктоо.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте республикалык бюджеттин эсебинен пенсиялык төлөмдөрдү жеткирүү жана которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджет классификациясынын чыгымдар беренесин ачуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана республикалык бюджеттин бюджети жөнүндө ченемдик актыларда чагылдыруу боюнча иш жүргүзсүн;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана Пенсиялык фонддун каражаттарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттердин сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
- конкурстук жол-жоболорду, бааларга мониторинг жүргүзүүнү өткөрбөстөн, келишимдерди түзбөстөн сатып алууларга жол бербөө бөлүгүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткарууну камсыз кылуу.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.Азыгалиев |