Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 17-июлу № 120
Биргелешип 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Биргелешип 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган алмашуу ноталары ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |