Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-декабры № 1720-VII
"2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 10-ноябрындагы чыг. № 18-9442) "2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.О. Сыдыгалиев |